Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:25

Кыргызстандык демонстранттар сот жообуна тартылышууда


БИШКЕК. Бүгүн шаардык милиция оппозиция лидери Феликс Куловдун тарапкерлеринин 15 чамалашын кармап, айрымдарын сот жообуна тартты. Тарапкерлер Куловдун боштондугун талап кылып Бишкектен саясатчы отурган Жаңыжер түрмөсүнө чейин жөө жүрүш жасоо максатын көздөшкөн. Административдик жаза алгандардын бири, укук коргоочу 1-май райондук соту жүргүзгөн сот жараянына нааразылыгын билдирди.

- Бул базардай, колхоз башкармасынын чогулушундай болду, - деди 1000 сом айыпка жыгылган укук коргоочу, - Сот ушундай болобу? 1000 сом айып салса да, нормалдуу салыш керек да. Сотту ачып, тааныштырып, кайсы тилде алып барууну тактап, мени, башкаларды угушу керек эле. Бул туура эмес. Бул соттун караманча эле төмөн түшүп баратканынын белгиси.

XS
SM
MD
LG