Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:18

Палестин бийлиги Израил аймагындагы жери үчүн күрөштү улантаарын билдирди


РАМАЛЛА. Качкындарды Израил аймагындагы өз жерине кайтаруу үчүн Палестин өкмөтү күрөштү улантат. Мындай пикирин палестин лидери Ясир Арафат АКШ президенти Буштун билдирүүсүнөн кийин жарыялады. Израилдин премьер-министри менен болгон кечээ күнкү жолугушуудан кийин Жорж Буш Газа тилкесиндеги жөөт айылдарын бузуп, алардын айрымдарын Иордандын батыш жээгине жайгаштыруу тууралуу Шарондун планын колдоорун айткан.
Европа Биримдигинин азыркы жетекчиси, Ирландиянын тышкы иштер министри Бриан Коэн “эгер Израил согушта басып алган жерин Палестин менен макулдашпай туруп өзүндө калтыра албайт” деп билдирди. Бул маселе боюнча буга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннан президент Бушту сынга алган. Орусия өз пикирин айта элек.

XS
SM
MD
LG