Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:10

ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШТЫН ЖАРААТЫ ЫРБАДЫ


Баян Жумакадыр кызы, Прага 14-апрелде Палестин автономиясынын өкмөт башчысы Ахмед Корей Израилдин Газа тилкесиндеги жөөттөрдү көчүрүү жөнүндөгү планын кескин сынга алып, АКШны Шарондун бул планын колдобоого үндөдү. Шарондун планы боюнча, Газа телкесиндеги жөөт кыштактарында жашаган израилдиктер ал жактан толугу менен чыгарылып, Иордандын батыш жээгиндеги аймактарга отурукташат.

14-апрелде Вашингтондо өткөн сүйлөшүүдө президент Жорж Буш Шарондун планын колдоп чыкты. Сүйлөшүүдөн кийин өткөрүлгөн маалымат жыйында Жорж Буш Ариэл Шарондун демилгесине жогору баа берип буларды айтты:

- Израилдин Газа тилкесиндеги кыштактарды жана батыш жээктеги аскердик жабдууларды көчүрүп кетүү пландары чыныгы эр жүрөк жана тарыхый кадам. Эгерде баардык тараптар ушундай ишара кылышса илгери жылышка жол ачылып, адам баласынын тарыхындагы эң узак жаңжалдардын бири басылат болчу.

Шарондун көз карашында Газа тилкесинде отурукташкан 7 миңдей жөөттүн чыгарылып кетиши Израилдин коопсуздугун бекемдеп, жөөт кышктактарын кайтарууга эбегейсиз каражат сарптап жаткан өлкөнүн акчасын үнөмдөйт.

- Газадан чыгып кетүүбүз Израилдин коопсуздугун жана экономиксын жакшыртып, жөөттөр менен палестиндердин ортосундагы тирешти бошоңдотот. Менин планым Израил мамлекети үчүн жаңы ыңтайлуу саясий жагдай түзүп, жөөт-палестин тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн жандануусуна өбөлгө болот,- деди Шарон.

Ошону менен бирге эле Шарондун пландары боюнча Йордандын батыш жээгинде жана Иерусалимдин айланасында жайгашкан жөөт кыштактары турган жеринде кала бермекчи. Андай болгондо палестиндер аларга тийешелүү бир топ жерлеринен айрылып калат дегенди түшүндүрөт.

1949-жылы Израил менен араб мамлекеттеринин ортосунда кол койулган ок атышууну токтотуу келишимине төп келбейт. Израилдин чек араларын аныктаган 1949-жылдагы келишим боюнча Батыш жээк менен Газа тилкеси Израилдин аймагы болуп саналбайт. Израил бул аймактарды 1967-жылдагы согушта басып алган. Буш азыркы жагдайда 1949- жылкы келишимди толугу менен аткаруу мүмкүн бола албай турганын айтты.

Ошону менен бирге Ак Үйдө болгон талкуулар учурунда Буш Израилдин жөөт-палестин чегарасын дубал менен тосмолоп жатканын астейдил сындап өттү.

- Израил курган дубал саясий тосмо эмес, коопсуздукту камсыздай турган убактылуу коргон болууга тийиш,- деди ал.

Бирок АКШ президентинин Батыш жээкте жөөт кыштактарын сактап калуу пландарына колдоо көрсөткөнү палестин жетекчилигинин кыжырын келтирди. Палестин автономиясынын башчысы Ясыр Арафат палестиндердин сыртынан келишилген мындай ич ара макулдашуу тынчтык жараянын муунтуп салганга барабар болот,- деди Арафат.

Ал эми палестин өкмөт башчысы Ахмед Корейи анын эли мындай ич ара макулдашууга эч качан макул болбой турганын билдирди.

Биз палестиндер мындай келишимди кабыл албайбыз, биз эл аралык келишимдер менен Улуттар уюмунун коопсуздук кеңешинин резолюциясына, "Жол картасы" тынчтык планына гана баш ийебиз, - деди Корейи.

Буш менен Шарондун ич ара макулдашуусу Улуттар уюмунун, Европа биримдигинин кескин сынына дуушар болду. Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннан Жакынкы Чыгыштагы маселелердин майда-чүйдөсүн сүйлөшүп чечүү укугу жаңжалдашкан эки тарапка гана таандык нерсе экенин айтты.

Вашингтондогу ооз эки келишим мусулман дүйнөсүндө да кескин сынга дуушар болду. "Америкалык мусулмандар Иерусалим үчүн" деген бейөкмөт уюмдун өкүлү Раед Таех:

- Буштун мындай келишимге барганын тынчтык процессине келтирилген өлчөөсүз зыяны. АКШнын администрациясы эми бейтарап арачыдан Израилдин ачыктан-ачык тарапкери, ал эле эмес, эки ортодо жер соодалаган далдалчы болуп калды, -деп айтты.

- Палестиндер өзүлөрүнө тийешелүү жерлерди Израилге өз жерин башка аймактарга айыр баштап гана бериши ыктымал. Эки ортодогу жерди бөлүштүрүү укугу Израил менен палестиндерге гана таандык, -деп кошумчалады Таех.

XS
SM
MD
LG