Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:41

А.ЭРКЕБАЕВ: "ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛОО ӨЗҮНҮН СААТЫ КЕЛГЕНДЕ ӨТӨТ..."


Бейшембиде парламенттин палата төрагасы Абдыганы Эркебаев 4 жылдык иш жыйынтыгына арналган маалымат жыйынын өткөрдү. Жогорку Кеңеш кош палатага бөлүнүп Мыйзам чыгаруу жыйынынын 1-чакырылышынын 35 депутаты 5 жыл ичинде 416 мыйзам кабыл алса, 60 депутаттан турган азыркы палата 4 жыл ичинде 664 мыйзам кабыл алган. Анткен менен палата ишинде кемчиликтер бардыгын президент А.Акаевдин белгилеген жайы бар.

Президент А.Акаев ушул жылдын 31-мартында парламент дарегине олутту сын айткан:

- Мыйзам чыгаруу ишиндеги бүгүнкү кырдаал өтө кабатыр кылат. Айрым мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууну, макулдашууну бир жагынан өкмөтүбүз кечеңдетүүдө. Ал эми экинчи жагынан Жогорку Кеңеш мыйзамдарды ыкчам жана сапаттуу кабыл алууну камсыз кыла албай жатат.

Спикер Абдыганы Эркебаев айтылган сын негизинен туура экенин белгилеп, анткен менен кайрылууда аты аталган мыйзам долбоорлордун көбү парламентке түшө электигин маалымдады.

- Негизинен бул кайрылууну мен туура көрөм, колдоймун. Ушул эле маселелерди мен төрт жылдан бери такай айтып келатам. Мунун артында кандайдыр бир саясий оюн же жакынкы сценарий бар деп эсептебейм.

Палатанын төрт жылдык ишинин жыйынтыгына оң баа берген төрага бул аралыкта эларалык стандартка шайкеш келген Шайлоо кодекси кабыл алынганын маалымдады. Ага ылайык эмдиги жылдын башында жана аягында парламенттик, президенттик шайлоо өтөт.

Абдыганы Эркебаев келээрки парламенттик шайлоого талапкер катары катышаарын ачык айтпады. Азырынча чоң саясаттан кетпей тургандыгын, кийинки учурда айрым саясий күчтөр аны жаманатты кылуу аракетин көрүп жатышканын билдирди:

- Мен менчиктештирүү жараянына катышкан жокмун. Болгону мыйзамдык негизде Москва көчөсүндөгү үч бөлмөлүү үйүмдү менчиктештирип алгам. Өзүм же үй-бүлөмүн бир да бирөө бизнеске аралашкан жок. Финансы же кредит маселелерине кийлигишкенибиз жок. Өзүм, үй-бүлө мүчөлөрүмүн бир да бирөө кызматыман пайдаланып, чектен чыкпады.

Палатанын иш ыраатынын анчалык жакшы болбой жатышын Абдыганы Эркебаев өкмөттүн мыйзам долбоорлорун чийки даярдап келгендиги, аткаруу бийлигинин көрүнөө-көмүскөө тоскоолдугу менен түшүндүрдү:

- Өкмөт мыйзам долбоорун кеч берет же бир ай өткөндөн кийин палатада карай баштаганда кайра чакыртып алат. Тоскоолдук кылышат же баяндамачысы келбей койот. Конституция боюнча депутат да мыйзам долбоорун сунуш кылууга акылуу. Кайсы бир депутаттын мыйзам долбоору карала баштаса апыл-тапыл мыйзам жазып келе коюшат. Бир ишти эки иш кылуу ушинтип башталат. Ошентип ишти кайрадан баштайбыз. Мындай болбош керек. Өкмөт парламентке ырахмат айтыштын ордуна ар кандай талаш-тартыштарды уюштурат. Анан да сапаты начар мыйзамдарды сунуш кылышат.

Палата депутаты Жангороз Каныметовдун ырасташынча:

- Тескерисинче, биз өзүбүз жазып, палатага талкууга киргизип жатабыз. Мисалы, билим, мугалимдердин статусу жөнүндөгү мыйзамды өзүбүз жаздык.

Абдыганы Эркебаев палата эми ашып барса жарым жылга жакын иштейт деп айтты. Андан соң шайлоо камылгасы башталат:

- Шайлоо жакындап калды. Президенттин кайрылуусунан кийин эле мурдагыдай ойлор айтыла баштады. “Президент бекер кайрылуу жасаган жок. Жогорку Кеңешти эрте таратышы мүмкүн. Себеби, быйыл күздө октябрда жергиликтүү кеңештерге шайлоо башталат. Ошого парламент шайлоосун кошуп, чыгымды үнөмдөө аракети болушу мүмкүн”, деген божомолго ишенбейм. Мындан төрт жыл мурун айткан сөзүмдү кайта айтайын. Кыргызстанда ким тынчтыкты каалабаса ошондой ишке барсын.

XS
SM
MD
LG