Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:34

«ПИРАМИДА» ТЕЛЕКАНАЛЫ, АДМИНИСТРАТИВДИК-МАДАНИЙ БОРБОР, КЫРГЫЗСТАНДЫ КАПТАГАН КРИМИНАЛ


Бишкектин түштүк-батыш ныптасындагы 162 гектир аянтка курулчу административдик-маданий борбордун айланасындагы талаш уланууда. “Пирамида” телеканалынын техникалык себептен улам баштагы толкунунда чыга албай калышы сөз эркиндиги туурасындагы дискуссиянын уланышына өбөлгө түздү. Президент А.Акаев күч министрлик жетекчилерин чакырып, республикадагы криминалдык жагдайдын курчуп баратканына кабатырланганын билдирди.

Жума күнү жарыкка чыккан басылмалардагы урунт материалдар тууралуу айтып берүүсүн өтүнүп “Аалам” гезитинин башкы редакторунун орунбасары Кенжебек Арыкбаевге кайрылдык:

- Гезитибиздин жаңы санында Токмоктун суу каптаган үйлөрүндөгү абалды баяндаган репортаж жарыяланды. Ошондой эле ушу тапта чуу түшүп жаткан Административдик-маданий борбор тууралуу макала чыкты. Өкмөт башчы Н.Танаевдин иш аракети парламентте кандай баага ээ болгону, эл өкүлдөрүнүн токтому жарыяланды. Мындан сырткары акыйкат башкаруу тууралуу депутат Азимбек Бекназаровдун маеги, Ф.Куловду колдоо жүрүшүн баяндаган макалага да орун берилди.

“Кыргыз руху” гезитинде жарыяланган макалалардын мазмуну менен Уулкан Токторалиева тааныштырат:

- Депутаттарды нааразы кылган жагдай жөнүндө баяндама, түрмөлөрдөгү абалды сүрөттөгөн макала басылды. Эртең бийлик алмашса ким чоң орунга келээри тууралуу божомол, тажикстандык боордошторубуздун паспорт алышкандыктарын баяндаган макала жарыяланды.

Эмилбек Момунов “Бишкек таймс” гезитинде кандай материалдар жарыяланганын айтып берет:

- Гезитибиздин жаңы саны Бишкек шаар башчылары ким болгондугун баяндаган маалымдамадан башталат. Кабарчыбыз Токмокто болуп кайтты. Анын суу баскан жердеги абалы тууралуу очеркине орун бердик. Мындан тышкары түнкү Бишкектин турмушун баяндаган очерк жарыяланды.

Эми бейшембиде кыргыз басылмалары козгогон айрым урунт проблемаларга токтоло кетсек.

Кийинки кездери Кыргызстанда сөз эркиндигине кысым жасала баштаганын белгилеп, “Арнамыс” партиясы атайын билдирүү таратты. Анын тексти “МСН” гезитинин бейшембидеги санында жарыялады. Жергиликтүү бийликтин каршылыгына кабылып “Атуулдук коом коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун демилгечилеринин Көл кылаасындагы эл менен жолугушуусу үзгүлтүккө учурады. Метрлик диапазондо чыгып келаткан “Пирамида”, “Ош ТВ” телеканалдарынын берүүлөрү токтолду.

“Пирамида” телеканалынын көрсөтүүлөрүнүн чыкпай калышы жөнүндө пикирин сурап гезит редакциясы Феликс Куловго кайрылган. Анын пикиринде, көз карандысыз маалымдоо каражаты калктын саясий маданиятынын көтөрүлүшүнө көмөк көрсөтөт.

“Пирамида” телеканалы өлкөдө болуп аткан окуяларды так чагылдырчу. Маалымдоо каражатынын тактыгы бийликке жакпайт, ошондуктан элге алынып кеткен телеканалды иш жүзүндө жаап салышты. Ага Батыш өлкөлөрү деле тынчсызданган жок, дейт Феликс Кулов.

Административдик-маданий борбордун курулушунун айланасындагы талаштын чоо-жайына ушул эле гезитте журналист Геннадий Кузьмин токтолгон.

Кыргызстандагы криминалдык жагдай курчуп кеткени 13-апрелде өткөн күч министрлик жетекчилеринин кеңешмесинде кеп болгон. Президент А.Акаевдин жыйында сүйлөгөн сөзүнүн баяндамасын бейшембидеги “Слово Кыргызстана” гезити жарыялады. Өзгөчө оор кылмыштар, киши жалдап өлтүрүү көбөйүп кетти. Ошондой кылмыштардын 25 эмдигиче ачыла элек. Милиция кызматкерлери жадесе өздөрүнүн коопсуздугун камсыз кылууга жарабай калышты. Криминал мамлекеттик бийликке өтүп, өлкөгө бүлүк сала баштады, деп белгиледи президент.

Криминалдын республикада ээн-жайкын сезишине биринчи иретте күч органдарынын бошоңдугу себеп болууда. Ички иштер министрлиги республикадагы эң коррупцияланган тармак, дейт А.Акаев.

Кыргызстандын Өзбекстан менен чегарасы жакшы кайтарылбастыгын бейшембидеги “Общественный рейтинг” гезитинде Асел Шербото “Кулпуланбаган чегара” деген макаласында жазып чыкты.

Бишкектин эмен багындагы таш эстеликтердин кейпи кетип, талкалана баштаганын бейшембидеги “Вечерний Бишкек гезити маалымдады.
XS
SM
MD
LG