Бириккен Улуттардын Адам укуктары боюнча комиссиясы кечээ күнү Орусия боюнча Европа Биримдиги сунуштаган резолюцияны кабыл алган жок. Резолюцияда Чеченстандагы абал сынга алынып, чечен согушкерлеринин мыкаачылыгы менен кошо орусиялык аскерлер дагы адам укуктарын бузуп, кармалгандарды кыйноого алууда деп айтылган. Андан тышкары, эларалык уюмдардын өкүлдөрүнүн Чеченстанга келүүсү да чектелген.