Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:48

Вашингтон өзүнүн дипломаттарын Сауд Арабиядан чыгып кетүүгө үндөөдө


АКШ жетекчилиги өзүнүн Сауд Арабиядагы дипломаттарына кайрылып, коопсуздук маселелеринен улам, аларды мүмкүн болушунча өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырды. Мамлекеттик катчы Колин Пауэллдин айтымында, Сауд Арабиядагы америкалык жана башка батыштык жарандарга каршы террор аракеттери даярдалууда. Орусия болсо өзүнүн Ирактагы кызматкерлерин алып чыгып кетүүдө. 15-апрелде Маскөөгө 365 адам учуп чыкты, алардын 172-си украиналык, 152-си орусиялык, 39-у белоруссиялык жарандар жана бирден адам Армения менен Тажикстандан келип иштеген.

XS
SM
MD
LG