Адам укуктары боюнча комиссиянын Женевадагы жылдык жыйынында кабыл алынган документте Түркмөнстанда сөз жана диний эркиндик катуу кысымга алынып, улуттук азчылыкты түзгөн орус, өзбек жана башка тайпалар такай басмырланып жатканы айтылат. Белорусияга байланыштуу резолюцияда оппозициянын бир катар лидерлери дайынсыз жок болуп кеткени, адамдар мыйзамсыз түрдө камакка алынып, көз карандысыз маалымат каражаттары куугунтукталып жатканы көрсөтүлөт.