Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:02

Чолпон-Атада КМШга кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчылары жыйын өткөрүштү


Жыйында интеграция маселелери талкууланды. Казакстандын премьери Даниэл Ахметов талкуу-таңаштарда экономикалык бирдиктүү аймак түзүү ишине өзгөчө көңүл бурулгандыгын белгиледи. Грузиянын өкмөт башчысы Зураб Жвания шериктештикке кирген он эки өлкө менен Тбилиси кеңири кызматташканга кызыкдар экенин ырастады. Премьерлердин кеңешине төрагалык кылуу милдети Молдовага өттү. Буга байланыштуу молдован премьери Василе Тарлев алдыдагы бир жыл ичинде Кишинев өкмөтү шериктештик өлкөлөрүнүн кызматташтыгын өнүктүрүү максатында бардык күч-аракетин жумшай тургандыгына ишендирди. Чолпон-Атада кыргыз президенти Аскар Акаев КМШлык өкмөт башчылары менен өз-өзүнчө сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG