Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:30

Таласта мугалимдер балдарды көп урабы?


ТАЛАС. Талас облусунун мектептеринде мугалимдердин окуучуларды уруп-сабаган фактысы токтобой жатат. Кезектеги мындай факты боюнча Талас шаардык прокуратурасы алдын-ала документ топтоп, ишти андан ары териштирүүнү өтүнүп, Талас шаардык милициясына жөнөттү. Документтерге караганда Талас мамлекеттик университетинин алдындагы Бектур агай атындагы гуманитардык лицейдин мугалими Замир Акматалиев 10-класстын окучусу Бекбол Жаңыбаевге окуучулардын көзүнчө кол көтөрүп, денесине жеңил жаракат келтирген. Прокуратура кызматкерлеринин айтымында, бул окуя аты аталган мугалимдин экинчи фактысы. Мындан эки жарым ай мурда ушул эле класстагы Нүргүл Осмонкулова деген окуучу кызга да кол көтөрүп, бирок бул ишти прокуратура бизге белгисиз себептер менен токтотуп койгон. Окуучуларга муштум менен таалим-тарбия берүү фактысы буга чейин Талас районундагы Кырказык айылындагы орто мектепте да катталганын эскерте кетели.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG