Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:48

“Жаңы Кыргызстан” партиясынын Ош шаардык комитети облус губернаторуна кат жолдоду


ОШ. "Жаңы Кыргызстан" партиясынын Ош шаардык комитети 16-апрель күнү Ош облус губернатору Накен Касевге кат жолдоду. Катта Ош шаарындагы студенттерге тиешелүү жогорку окуу жайлар тарабынан саясий укуктуу сабак алгылыктуу берилбей, студенттер жабык коомдо, саясий караңгылыкта калып келет. Ошондуктан студенттердин саясий көз караштарын өнүктүрүү, демократиялык процесстерге аралаштыруу максатын көздөп, "Жаңы Кыргызстан" партиясы студенттер менен Жогорку Кеңештин депутаттарынын, айрым саясатчылардын чоң жолугушууларын өткөрмөкчү деп белгиленген жана ал үчүн же Кыргыз драма театрынын, же Өзбек дарама театрынын, же облустук филармониянын имаратын келишимдик негизде пайдаланууга губернатордун уруксат берүүсүн суранган. "Жаңы Кыргызстан" партиясынын Ош шаардык жетекчилигин айтуусунда, буга чейин аталган имарат жайлар аталган партиянын иш чараларын өткөрүү үчүн келишимдик негизде пайдаланууга ар кандай шылтоолор менен берилген эмес. Андыктан губернаторго партиянын атынан атайын кат менен кайрылууга туура келүүдө.

XS
SM
MD
LG