Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:45

ТИМ Ирактагы кырдаал боюнча билдирүү таратты


БИШКЕК. Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги Ирактагы акыркы кырдаалга байланыштуу билдирүү таратты. Анда Ирактын каршылык көрсөтүү топтору менен коалициянын аскер күчтөрүнүн ортосундагы кагылыштардан улам көп адам каза болуп жаткандыгы Кыргызстанды катуу тынчсыздантаары айтылат. Андан тышкары чет өлкөлүк атуулдарды барымтага алып, өлтүрүү фактыларын кескин айыптоого негиз берээри, ал гумандуулук принцибине карама-каршы келип, Ирактагы абалды тынчытуу аракетине терс таасир тийгизээри белгиленген. Ирактагы мындай кырдаалды жөнгө салуу үчүн кармашты тезинен токтотуп, эларалык коомчулуктун аракетин бирге жумшоо керек деген чакырык айтылган.

XS
SM
MD
LG