Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:04

Кыргызстандын аймагынан Өзбекстандын тогуз атуулу депортацияланды


БИШКЕК. Кечээ Кыргызстандын аймагынан Өзбекстандын тогуз атуулу депортацияланды. Мындай маалыматты бүгүн ички иштер министрлиги таратты. Ал кабарга караганда, ички иштер министрлиги Ташкендеги жардыруулардан кийин күчөтүлгөн режимде иштөөгө өтүп, Кыргызстанга сырттан киргендерди текшерүү жана өлкөдө мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүк атуулдарды табуу аракетин күчөткөн. Натыйжада, өткөн жума ичинде мыйзамсыз жүргөн 19 адам кармалды. Алардын ичинде Кытайдын бир атуулу транзиттик визасын жасалмалап туруп, визасын ушул жылдын аягына чейин узартып алганы аныкталды. Пакистандык төрт атуулду өлкөдөн чыгарууга даярдык көрүлүүдө.

XS
SM
MD
LG