Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:29

Укук коргоочулар эл аралык уюмдарга кайрылышат


БИШКЕК. «Кыргыз бийлиги Феликс Куловду бошотуу талабы менен 15-апрелде жөө жүрүшкө чыккан атуулдарды кармап, соттоп, атуулдардын чогулуштарды өткөрүү, жеке ойлорун ачык билдирүү укуктарын бузду». Мындай пикирин бүгүн «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөкан Исмаилова билдирди. Анын айтымында Кыргызстандагы укук коргоочу уюмдар бул тууралуу саясий билдирүү таратып, аны эларалык укук коргоо уюмдарына жолдойт. Анда кыргыз бийлиги кезектеги парламенттик шайлоодо оппозициялык күчтөрдү баш көтөртпөс үчүн эмитен кам көрүп, өзүлөрүнүн атуулдук укуктарынын негизинде акыйкаттыкты талап кылган атуулдардын демилгесин басууга аракет көрө баштагандыгы кабарланат.
15-апрелде Феликс Куловду абактан бошотуу талабы менен жөө жүрүшкө чыккан 30 чакты атуулдун 18ин Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери кармаган. Ушул эле күнү Биринчи Май райондук соту укук коргоочу Турсунбек Акун, Төлөкан Исмаилова жана Азиза Абдрасуловага 1000 сомдон айыппул салып, 13үнө эскертүү берген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG