Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:03

Укук коргоочу А.Абдрасулова прокуратурага кайрылды


БИШКЕК. Бүгүн «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулова Бишкектин Биринчи Май районунун прокуроруна арыз жолдоду. Анда 15-апрелде ага кол тийгизген милиционерди кылмыш жообуна тартууну, милиционерге Абдрасулованы жалгыз алып калууга көрсөтмө берген жетекчисин таап, жаза берүүнү жана анын коопсуздугун камсыз кыла албаган тергөөчү Данияр Молдокул уулуна да жаза берүүнү талап кылды. Азиза Абдрасулованын мындай арыз жазуусуна 15-апрелде «Арнамыс» партиясынын азыр камакта жаткан төрагасы Феликс Куловду бошотуу талабы менен жөө жүрүшкө чыккан атуулдар менен кошо кармап барып, милиционердин кол тийгизгени себеп болду. Азиза Абдрасулованын айтымында, аны Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү Данияр Молдокул уулу сураган маалда атын айтпаган бир милиционер эч кимге билгизбей сабаган. Абдрасулова жөө жүрүшчүлөргө митинг, чогулуштарды өткөрүү иштерине байкоо салуу үчүн барган.

XS
SM
MD
LG