Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:23

КМШнын өкмөт башчыларынын саммити аяктады


БИШКЕК. Бүгүн КМШдагы мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин Чолпонатадагы саммити аяктады. Өкмөт башчылар экономикалык, аскерий кызматташуу, терроризмге, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана мыйзамсыз миграция маселелерин талкуулап, 28 документ кабыл алышты. Өкмөт башчылар кеңешине төрагалык кылуу милдети Кыргызстандан Молдовага өтүп, ага бул өлкөнүн премьер-министри Василий Тарлев бекитилди. Теңтөрагалыкка Кыргызстандын премьер-министри Николай Танаев менен Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Фрадков дайындалышты. Кеңештин кезектеги саммитин Астанада өткөрүү белгиленди. Саммитте күтүүсүз кырдаалдарда өз ара жардамдашуу үчүн резервдик фонд түзүү тууралуу Кыргызстандын сунушу колдоого ээ болду.

XS
SM
MD
LG