Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:21

ИРАКТА ЖАГДАЙ ЖАКШЫ ЭМЕС


Баян Жумакадыр кызы, Прага Ирактын Нажаф жана Фаллужа шаарларындагы көтөрүлүшчүлөрдү сөзгө келтирүү үчүн жасалып жаткан дипломаттык аракеттер уланууда. Көтөрүлүшчүлөрдүн башчысы имам Мухтада Садрды сөзгө келтирүү аракеттерине Ирактын утурумдук башкаруу кеңеши менен Ирандан келген дипломаттар катышып жатышат. Ал эми акыркы маалыматтарга караганда, Ирактагы абал курч бойдон кала берүүдө.

Ирактагы Америка баштаган коалициялык аскерлердин курчоосунда турган Нажаф шаары дагы эле шийилердин имамы Моктады Садр жетектеген көтөрүлүшчүлөрдүн көзөмөлүндө. Сунни мусулмандары менен америкалык аскерлердин тиреши уланып жаткан Фаллуджа шаарында өткөн түнү айыгышкан салгылаштар кайрадан күч алды.

Кабар агенттиктери шаардагы ок атышууларда бери дегенде 15 ирактык жаран курман болгондугун маалымдап жатышат.

Ирактагы ахвал курч бойдон кала берип жаткандыктан АКШнын коргоо министрлиги ушул айда Ирактан мекенине кайтууга тийиш болгон 20 миңдей америкалык солдаттын кызмат өтөө мөөнөтүн дагы бери дегенде үй айга узартууну чечти. Ошентип Иракта кызмат өтөп жаткан америкалык аскерлердин саны 135 миң жоокердин тегерегинде кала бермекчи.

15-апрелде Пентагондун кеңсесинде өткөргөн пресс-конференцияда АКШнын коргоо миинстри Доналд Рамсфелд аскерлердин кызмат өтөө мөөнөтүнүн узартылышын мындайча негиздеди:

- Азыр тиреш болуп жаткан жерде кызмат өтөп жаткан 20 миң адамдын кызмат кылуу мөөнөтүн 90дон 120 күнгө чейинки убакытка узартууну чечтик. Ошентип АКШнын Ирактагы аскерлеринин саны 135 миң жоокердин тегерегинде кала берет. Май айында аскерлердин санын 115 миңдин деңгээлине түшүрмөкчү болуп жатканбыз, бирок өлкөдөгү башаламандыктар бул пландарыбызды жокко чыгарды,- деп билдирди Рамсфелд.

Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңгенин белгилеген министр мындан бир жыл мурда солдаттардын катарында акыркы бир жуманын ичиндегидей жоготуулар болоорун болжобогонун мойнуна алды.

Ирактагы согушкерлердин баш көтөргөнүнө байланыштуу АКШнын Ирактагы аскерлеринин саны, ал тургай, көбөйтүлмөкчү болуп жатат. АКШ аскерлеринин Бириккен штаб башчыларынын жетекчиси генерал Ричард Маерс 15-апрелде Багдадда жасаган билдирүүсүндө Ирактагы командачылар кошумча күч сурап жатышканын жана алардын өтүнүчү канаттандырыла турганын билдирди:

- Ирактагы коопсуздук бычак мизинде турган азыркы оупртал жагдайда генерал Жон Абизаид менен Рикардо Санчес аларга кошумча күч жиберүүнү сурап жатышат жана алардын бул суроосу аткарылат.

Ушул жуманын башында президент Жорж Буш Абизаиддин өтүнүчүн канаттандырып, Иракка дагы 10 миң солдат жибергенге макул болгон. Буш муну менен бийликти ирактыктардын өздөрүңө өткөрүп берүүнүн алдында өлкөдөгү ахвалды турукташтырууну көздөйт.

Бирок айрым америкалык аясатчылар Буштун мындай аракеттеринен каалагандай натыйжа чыга койооруна ишенкиребей жатышат. АКШ Сенатынын тышкы байланыштар комитетинин башчысынын орун басары Жозеф Байден Жорж Буш бир кезде коалициялык шериктеринин кеп-кеңешине кулак салбай, Иракка ого эле аз күч менен басып киргенин айтат. Аз сандагы аскерлер Ирактын оккупациясын талапка ылайык ишке ашыра алган эмес,- деп сындады, сенатор. Ошону менен бирге эле сенатор президент ахвалды дагы да болсо турукташтыра ала турганын айтат. Анын пикиринде, ал үчүн Буш Улуттар Уюмунун Ирактагы ролун жогорулатып, өлкөдөгү коопсуздукту камсыздоо ишине эларалык коомчулукту, же тактап айтканда, эларалык бейпилдик күчтөрүн тартуусу абзел:

- Мындай аракеттер өтө ыкчам ишке ашырылганда гана натыйжа берет, -дейт ал.

XS
SM
MD
LG