Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:04

КЫРГЫЗСТАНДЫК ООР АТЛЕТЧИЛЕР АФИНАГА 2 ЖОЛДОМО УТУП АЛЫШТЫ


Кабыл Макеш, Бишкек шаары 5-апрелден 14-апрелге чейин Алматыда оор атлетика боюнча Азиянын чемпионаты өткөрүлдү. Бул таймашууларда командалык биринчи жана экинчи орунду ээлегендерге Афина олимпиадасына экиден жолдомо берилди. Кыргызстандык чоюн билек балбандар Афинага жолдомо берчү мелдеште командалык эсепте 2-орунду ээлеп, 2 жолдомонун ээси болушту.

Кыргызстандык жигиттер былтыр каражат жоктугунан Канадада өткөн дүйнө чемпионатына барбай калышкан. Мында командалык эсепте 27-орунга чейин Афина олимпиадасына 3 жолдомо берилген. «Эгерде бул таймашка барганда жок дегенде 3-4 жолдомо алууга мүмкүн болмок» деп өкүнүп жүрүшөт.

Алматыдагы Азия чемпионатына 28 өлкөнүн оор атлетчилери күч сынашты. Кыргызстандык жигиттер Афинага жолдомо алуунун акыркы мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарышкан жок. Командалык эсепте биринчиликти мелдеш ээлери казакстандыктар жеңип алышса, кыргызстандык жигиттер экинчи орунду камсыз кылышты. Чоюн билек балбандардын тактикасы тууралуу өлкөнүн оор атлетика боюнча олимпиадалык резервдер спорт мектебинин директору Өмүржан Молдодосов мындай дейт:

- Колдон келишинче, каражаттын жетишинче даярдык көрдүк. Кендирди кескен каражаттын азабынан Канадага дүйнө чемпионатына барбай Афинага 3-4 жолдомону колдон чыгарып, арманда калган элек. Командабыз Алматыга толук курамы менен катышты. Алардын катарында Азиянын 2 жолку чемпиону Митал Шарипов, Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрү Улан Молдодосов, Манас Алибаев жана Кутман Молдодосов намыс талашты. Бир топ жылдан берки тыныгуудан кийин тажрыйбалуу балбан Алмаз Аскеев да кайрадан катарга кошулду. Алматыда командалык экинчи орунду жеңип алууга бардык мүмкүнчүлүктөрдү жумшап, алдыга койгон максатты аткардык. Жигиттердин даярдыгы жакшы болгондуктан Афина олимпиадасына катышууга 2 жолдомонун ээси болдук. Алматылыктар Азия чемпионатын өтө жогорку деңгээлде өткөрүштү. Буга 28 өлкөнүн 300дөн ашуун спортчулары катышып, мелдештин деңгээли да жогору болгонун эларалык оор атлетика федерациясын жетекчилери дагы белгилешти. Кыргыздын туусун Манас Алибаев бийик көтөрүп, коло байгенин ээси болду.

Алматыдагы таймашуу курч мүнөздө болду. Себеби бул күч сынашууда кытайлыктар баш байгенин ээси болсо да, мурда дүйнө чемпионатынан 6 жолдомо алгандыктан, алардын жеңиши эсепке алынбады. Казакстан 195 упай топтоо менен Афинага 2 жолдомо алышты.

Ирандык жигиттер мурда дүйнө чемпионатынан 4 жолдомо алышкандыктан, алардын утуштары дагы эске алынбады. Ал эми кыргызстандык балбандар Тайланддын командасынан 2 упайга алдыга озуп, Афина олимпиадасына 2 жигитин жиберүугө укук алышты. Команданын тагдырын чечкен 2 упайды мурда жаракат алганына карабай оор салмактагы Алмаз Аскеев алып берди. Мында Тайланд, Ирак жана Түндүк Корея өлкөлөрү Афина олимпиадасына бирден жолдомо алышты.

8 жылдан бери оор атлетика менен машыгып келаткан, өлкөнү эларалык аренада тааныткан спорт чебери, Азиянын чемпионатынын коло байге ээси Манас Алибаев Алматыдагы таймашуулары жөнүндө мындайча билдирди:

- Жакшы эле даярдык көрдүк. Мурда Канадада өткөн дүйнө чемпионатында Афинага жолдомону оңоюраак алмакпыз. Алматыдагы таймашуулар кыйын болду. Мен мурда 62 кг. салмакта мелдешип жүрсөм, кийинки мезгилде аргасыздан команданын кызыкчылыгы үчүн 69 килограмм салмакта күч сынаштым. Менин негизги аттаандашым – Түндүк Кореялык, Кытайлык спортчулар болду. Мындан сырткары ирандык, казакстандык жана кореялык күчтүү атаандаштарымды утуп алдым. Бишкекте жата турган үй-жай жоктугунан спорт мектебинин бир бөлмөсүндө жашап, машыгып жүрөм. Азия чемпионатына чейин ооруп калып, балдар үч жолу машыгуудан өтүшсө, мен Алматынын алдында бир ирет гана машыгып калдым. Ооруп калбаганда мындан дагы чоң ийгилик болот эле. Мурда жаштар арасында Азиянын чемпиону болуп, чоңдор арасындагы таймашууда коло медал тагынгам. Эгерде мага ишеним көрсөтүлүп, жеңип алган 2 жолдомонун бирөөнү ыйгарышса Кыргызстанды Каныбек Осмоналиев сыяктуу дүйнөгө таанытууга аракет кылмакмын, - дейт Манас Алибаев.

Ал эми кыргызстандык Бакыт Ахметовго учурунда шарт түзүлбөй Казакстанга кетип калган. Бакыт Түштүк Кореянын Пусан шаарында өткөн 14-Азия оюндарында Казакстанга үч алтын медаль утуп берген. Ал Алматыда өткөн Азия чемпионатында 94 кг. салмакта биринчи орунду камсыз кылып, алтын медал тагынды. Бакыттын Казакстанга кетип калуусуна өкүнгөнүн өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Өмүржан Молдодосов мындайча билдирди:

- Бакыт казактардын көк туусун бийик көтөрүп, Азия чемпиону болгондо, атаңдын көрү, кыргыздын кырмызы кызыл туусун көтөрүп турса, чечекей чеч болбойт беле!.. Колдогу алтынды барктабаган спорт жетекчилерге жетсин убалыбыз деп өкүнүп турдук. Ал дүйнө жана олимпиадалык бийиктиктерди багындыруучу жигит.

Бакытка казакстандык жана дүйнөлүк адистер жогору баа беришип, Афина олимпиадасында байгелүү орунга талапкердин бири катары ишенип турушат.

Кыргызстандык жигит, Азиянын жаштар арасындагы чемпиону Кутман Молдодосовго дагы көз салып, казактар өздөрүнө чакырып, бардык шарт түзүп берүүгө убада кылышууда.

Кыргыз жигиттери жеңип алышкан 2 жолдомо кимдерге берилээри азырынча чечиле элек.
XS
SM
MD
LG