Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:25

ТАЖИКСТАНДА МИНАЛАРДЫН КЕСЕПЕТТЕРИН ЖОЮУ БОЮНЧА АЙМАКТЫК ЖЫЙЫН ӨТТҮ


Сапар Орозбаков, Прага Мина жасап чыгарууга, аны пайдаланууга жана экинчи тарапка берүүгө тыюу салган Оттава келишимине быйыл 6,5 жыл толду. Келишимге 140ка жакын өлкө кол койгону менен, айрым өлкөлөр аны ратификациялай элек. Чегарага койгон өзбек миналарына жарылып бир нече тажикстандык жана кыргызстандык атуулдар каза тапкандыгы маалым. Бул маселенин Борбор Азия үчүн маанилүү экендигин эске алып БУУнун өнүгүү программасынын өкүлчүлүгү Тажикстандын өкмөтү менен бирге 15-16-апрелде Дүйшөнбү шаарында регионалдык конференция өткөрдү.

Тажикстан өзүнүн коңшулары Түркмөнстан жана Ооганстан сыяктуу эле минаны жасап чыгарууга, пайдаланууга жана башка өлкөлөргө берүүгө тыюу салган Оттава келишимине кол коюп, ратификациядан өткөргөн. Ал келишимдин шарттарына ылайык өзүнүн аймагындагы мина көмүлгөн жерлерди жардырып, тазалоо иштерин баштады. Бирок каражаттын жетишпестигинен иш али аягына чыга элек.

Ал эми Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстан болсо келишимди ратификация кыла элек. Өзбекстан ислам согушчандарынын өлкөгө кирүүсүнө тоскоолдук түзүү үчүн 2000-жылы өзүнүн Тажикстан жана Кыргызстан жак чегарасына өзбек бийлиги мина тилкелерин түзгөн болчу. БУУнун өкүлү Йоханс Худоба Өзбекстандын бул мина тилкелеринде бир дагы согушчан жарылып өлбөгөндүгүн, андан карапайым калк гана зыян тартып жаткандыгын белгилейт:

- Болжол менен Тажикстандын түндүк жагында 70 адам каза тапты, 65 адам оор жаракат алды деген маалымат бар, – дейт Йоханс Худоба .

Ал миналардын акырына чейин тактала элек чегарага коюлганын, жергиликтүү эл мал жайып жүрүп байкабай минага кабылып калып жатканын айтат:

- Чегаралар тактала элек. Миналар чыны менен эле Өзбекстандын аймагында коюлуп жатышы мүмкүн. Бирок бул жердегилердин көпчүлүгү айыл жеринде жашашып, мал кармашат. Алар малдарын ушул жерге чейин айдап келишип, кээде чегарадан өтүп кетип, байкабай минага кабылып жатышат, –дейт Йоханс Худоба.

Буга чейин Өзбекстан чегарага коюлган өзүнүн миналарын жок кылуудан баш тартып келген. Бирок Тажикстандын чегара кызматынын жетекчиси Абдрахман Азимовдун айтымында, акыркы мезгилде өзбек тарап бул маселе боюнча Тажикстан менен кызматташа баштады:

- Алар мина көмүлгөн жерлердин жана жергиликтүү эл үчүн коюлган эскертүү белгилеринин картасын беришти. Алар анын баарын эларалык уюмдардын жардамы менен бизге жакында беришти. Иш алга жыла баштады десе болот, - дейт Абдрахман Азимов.

Бул карталар элдин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн абдан маанилүү. Бирок мина койгон өлкө адатта аны стратегиялык жашыруун сыр деп, картаны кошуна өлкөгө берүүнү каалабайт.

Йоханс Худоба бул Өзбекстанга гана эмес, Орусияга да тийешелүү экендигин билдирет. Орусия да өзү кайтарган Тажикстан менен Ооганстандын чегарасына мина тилкесин курган.

- Мина коюлган жерлердин картасы толук жана так эмес. Ал болгон күндө да ачыкка чыгарылбайт. Мисалы Орусиянын чегарачылары Тажикстандын Ооганстан менен чегарасына мина тилкесин куруу боюнча иш жүргүзүп жатышат. Бирок алардан мина картасын алуу кыйын, – дейт Йоханс Худоба.
XS
SM
MD
LG