Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:29

ӨЗБЕК ПРЕЗИДЕНТИ ОРУСИЯДА ИШ САПАРЫ МЕНЕН БОЛДУ


Муса Мураталиев, Москва шаары 15-апрель күнү өзбек президенти Ислам Каримов Москвага эки күндүк иш сапары менен келди. Аны орус мамлекет башчысы Владимир Путин Ново-Огаревадагы резиденциясында кабыл алды. Путин Орусия террорчулук менен күрөштө Ташкенди толугу менен, кылчактабай туруп колдойт деп билдирди. Жума күнү Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолукан учурда президент Каримов «бул жолку сүйлөшүүлөр Орусия менен Өзбекстандын мамилесин жаңы деңгээлге көтөрөт”, - деп билдирди. Москвага аттанаар алдында Каримов Орусия менен Өзбекстандын азыркы мамилесине канааттанбай турганын айткан болчу.

Президент Каримов бул жолу президент Путиндин чакыруусу менен сапарга аттанган. Аны 15-апрелде Ново-Огареводогу сарайында орусиялык жетекчи демейде сый конокторун кабыл алуучу каада менен тосуп алды. Кайсы бир көз салуучунун баамында, “муну Москва жакында террактарды өз өлкөсүндө башынан өткөргөн Каримовдун каш-кабагын сынап көрүш үчүн атайын жасаган”.

Ошондон улам ортодогу кептин орчундуусу - Борбор Азияда террорчулук менен күрөшүү маселесинин тегерегинде болду. Журналисттер көзүнчө айткан кебинде Владимир Путин:

- Террорчулуктун кандай гана түрү менен күрөшүү болбосун Өзбекстан Орусиянын колдоосун сөзсүз жана жетишээрлик түрдө ала алат, - деди.

Президент Каримов болсо эртеси күнү тышкы иштер министирлигинде, андан соң орусиялык өнөр жай жана ишкердик кошуунунун жетекчилиги менен жолугуп олтуруп, мындан ары Орусия менен Өзбекстан ортосунда башкача деңгээлдеги мамиле түзүлө тургандыгын ачыкка чыгарды.

Жакында өлкөдө жардыруулар болуп бийлик күчү менен куралдуу кагылыш чыккандан кийин кайсы бир анализчилер Өзбекстанда атуулдук согуш чыгып кетүү коркунучу пайда болду деп атышкан. Ошол себептүү өлкөнүн ири калааларында расмий Ташкен исламчыл экстремисттер деп эсептешкен кишилерди камоо да болгон.

КМШ өлкөлөр кызматташтыгы жана диаспоралар институтунун директору Константин Затулиндин айтканына караганда. президент Каримов бул күндө Москвага да, Вашингтонго да жакшы көрүнүүнүн далалатын жасоодо. Ал террор менен күрөшүү боюнча Кошмо Штаттарына өнөктөш болуп турса да мурунку “акеси” Орусияны эсинен чыгаргысы келбейт.

Айткандай эле Ислам Каримов журналисттер алдында айткан оюнда кайсы бир лидердин Москвага келип, саатын Кремлдин сааттарына тууралап, маакулдашып туруусу жакшы адат деп билдирди:

- Маскөөгө келип, (Маскөө менен – ММ) саатын тууралап, (алдыдагы иштин – ММ) дайынын маакулдашууга келген лидерлерди туура түшүнүп, туура кабылдаш керек.

Москвадагы Карнеги борборунун талдоочусу Алексей Малашенко айтканга караганда:

- Кийинки учурда адам укугун коргоо боюнча Америка сын айтканга байланыштуу Вашингтон менен Ташкен ортосунда саалга мамиле сууй түшкөндөй болгон. Ал эми Орусия болсо адам укугу, демократия жана атуулдук коом маселелери боюнча ырасмий Ташкенге ныпым сын айтпайт жана бул маселелерди толук бойдон Өзбекстандын ички иши деп, демек, президент Каримовдун өз иши деп көп жолу кайталап келатат, - дейт орусиялык талдоочу.

Москва менен Ташкенди чукулдаткан жагдай - исламдык экстремизм дегендер да бар.

XS
SM
MD
LG