Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:33

«ДОРДОЙ» БАЗАРЫНА ТИЕШЕЛҮҮ «ДОРДОЙ АЗИЯ» ДҮҢ СООДА ДҮКӨНҮ ӨРТТӨНДҮ


Бакыт Аманбаев, Бишкек Бишкектеги эң ири «Дордой» базарына таандык «Дордой азия» дүң соода дүкөнүнөн чыккан өрт өчүрүлдү. Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, азырынча өрттүн чыгуу себеби тактала элек ошондой болсо да «базар кимдир бирөө тарабынан өрттөлдү» деген божомол айтылууда

Бишкектеги «Дордой» базарына тиешелүү «Дордой азия» дүң соода дүкөнүнөн 16-апрелде күндүзгү саат эки жарымдарда чыккан өрттүн жайылуу коркунучу 17-апрелде түнкү саат төрттө токтотулду. Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Эмил Акматов базар жетекчилиги өрт өчүрүү боюнча коопсуздук чараларды көрбөгөндүктөн өрт өчүрүү кыйынчылык менен коштолгондугун, өрт өчүрүү мезгилинде төрт соодагер жана бир өрт өчүрүүчү кызматкери жеңил жараат алышкандыгын маалымдады:

- Мен түнкү саат төрткө чейин ошол жерде жүрдүм. Өрт чыккан имааратта өрттү өчүрүүгө ылайыкташтырылган атайын суу крандары болуш керек эле ал жок экен. Ошондуктан өрт өчүрүүчү машиналар суу үчүн башка жерге барып келүүгө мажбур болуп жатты. Ошондуктан өрттү көпкө чейин өчүрүүгө мүмкүн болгон жок.

Эмил Акматовдун малыматына караганда, азырынча өрттүн чыгуу себеби жана өрттөн болгон материалдык чыгым тактала элек. Ошондой болсо да өрттүн чыгышы боюнча эки түрдүү божомол айтылууда. Ал тууралуу Эмил Акматов Азаттыктын кабарчысына буларды айтып берди:
- Дордойдо иштеген коопсуздук кызматынын балдарынын айтымында, бир эле учурда төрт жерден өрт чыккан. Ушундан улам өрт атайын чыкканбы деп айтууга болот. Анткени айтайын жасалбаса бир эле учурда төрт жерден өрт чыгышы мүмкүн эмес да. Ошондой эле өрт базардын уйгур улутундагы атуулдар иштеген тарабынан чыккан. Мүмкүн өрттү уйгурларга өчөшкөн бирөөлөр чыгаргандыр деп да айтууга болот. Мындан сырткары айрым бирөөлөрдүн айтымында, соңку күндөрү базардын жака белинде кошумча курулуш иштери жүргүзүлгөн. Ошондуктан, өрт мүмкүн ширетмеден чачыраган учкундан чыккандыр деген да божолмол бар.

Ошентип, кадырлуу угармандар азырынча өрттүн эмнеден чыккандыгын так айткан эч ким жок. Ал эми президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Досалы Эсеналиевдин айтымында, жакында тиешелүү министрликтердин өкүлдөрүнөн өрттүн чыгуу себебин иликтөө тууралуу атайын комиссия түзүлүп, күнөөлүүлөр жазаланат.

Күйгөн базарда үч жылдан бери соода кылган Эргешов Абдрайымдын айтымында, базарда 250, 300 атуул соода кылчу. Бул базардан Орусия, Казакстан жана башка коңшулаш өлкөлөрдүн жана жергиликтүү атуулда күн сайын бир нече миң сомдук соода кылып турчу.

XS
SM
MD
LG