Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:11

Кыргызстан үчүн келерки жыл жооптуу. Ал жылы президенттик жана парламенттик шайлоо өтөт. Анын экөөнө тең Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Адахан Мадумаров катышаарын билдирген. Келечектеги талапкерге кабарчыбыз Айданбек Акмат уулу учурдагы өлкөдөгү саясий кырдаал, келечектеги шайлоого байланыштуу суроолор менен кайрылган эле.

- Урматтуу Адахан Кимсанбаевич, өлкөдөгү акыркы окуялардын алкагында саясий кырдаалга кандай баа бересиз?

- Азыр Кыргызстандагы саясатты түшүнүү кыйын. Кандай жол менен баратабыз, эмне максатты көздөп баратабыз- белгисиз. Бир мыйзамды карасаң мурда баарын тыркыратып чачып жиберген чарбаларды кайрадан бириктирүү жөнүндө сөз болуп жатат. Кечээ президенттин кайрылуусунда дагы биздин агрардык реформанын үчүнчү баскычы ошол бытыранды чарбаларды кайрадан бириктирүү деп айтылган. Эгерде биригүү керек болсо, анда эмне үчүн башында алар чачыратылды? Бул логикага туура келбейт. Оң кол- сол кол эмне кылып жатканын билбей турган заман болуп жатат. Бир жагынан базар экономикасына өтүш керек дейбиз дагы, экинчи жагынан салыктардын түрлөрүн көбөйтүп жатабыз. Бүгүн да буркан-шаркан түшүп талкуулап жатканыбыз ушул салык саясаты болууда. Өкмөт экология, тарбийгатты коргоо жаатында салыктарды көбөйтө койсок деп сунуштап жатат.
Андан сырткары, Кыргызстан экспорттун өстүрө албай турган чакта, чет жактан келе жаткан товарлардын баарын чек арадан өткөрүүгө уруксат берүүчү лицензияны саналуу ишканаларга гана берсек деген сунуш болуп жатат. Бир сөз менен айтканда, чалды-куйду Кыргызстан.


- Лицензия берүү менен маселе чечүү коррупциянын күчөтүүнүн анык булагы да?

- Бул Аксакалдын айланасындагы адамдарга каймактын булагын ачып берүүнүн дагы бир жолун ачуунун аракети болуп жатат. Саналуу адамдар гана фирма түзсө, алар товар өткөрүү менен иштесе, ошолор пайда көрсө деген сөз.

- Адахан Кимсанбаевич, өлкөдөгү акыркы окуяларга токтолсок, пикетке, митингиге чыккан атуулдарды куугунтуктоо азыркы бийлик үчүн адатка айланып калды. Бул биздин бийликтин өкүмзорлугу элеби, же 2002-жылы кабыл алынган «Тынчтык максатта, куралсыз митинг, демонстрация өткөрүү эркиндиги жөнүндөгү» мыйзамдагы чийкиликтер буга жол берип жатабы: маселен, мыйзамдын 3чү беренесинде андай иш чараларды өткөрүүгө уруксат алуунун кереги жок деп жазылса, 6чы берене ага карама-каршы норма айтылган.Буга кандай карайсыз?

- Конституцияда жазылып турат, Конституциянын кээ бири беренелери түздөн-түз колдонууга ээ болот деп. Бул айрыкча адам укуктарына байланыштуу беренелерге таандык. Кыргызстан адам укугун урматтаган өлкө катары Конституциянын 15-16 беренелеринде так, даана жазылган «Кыргыз өлкөсүнүн атуулдары Кыргызстандын аймагында ээн-эркин басып жүрүүгө толук укуктуу» деген норманы аткарууга жол бериш керек. Ошондуктан бир топ өзүнчө жүрүш жасайбы, же саясий партиялар жасайбы-алар эркин жасаш керек. Бирок бизде атуулдардын андай аракетке чыгуусу кескин түрдө тыйлып, андай акцияга чыккандар менен милициянын ортосунда кагылышуу кадырэсе көрүнүшкө айланып калды. Бул деген сөз, эмне кылсам өзүм билем, эгерде көңүлүмө жакпаган аракеттер жасала турган болсо аны Конституция да, мыйзамдар коргой албайт, өзүм каалагандай иш жүргүзөм деген саясат болуп жатат. Ошондуктан айтаарым, Кыргызстан мамлекетинин аймагында мыйзамдар эмес, түшүнүктөр иштейт.

- Ушундай шартта ЕККУнун төрагасы Кыргызстанга келип, өлкөдө сот системасын, ички иштер министрлигин реформалоо өтө эле ийгигиликтүү болду деп, кыргыз бийлигин көтөрө мактап кетти. ЕККУнун ушундай саясаты бизге кандай таасир этет?

- Мен башынан бери эле айтып келатам, ошол оюмдан кайта элекмин, эл аралык уюмдар биринчи кезекте бийлик менен мамиле кылышат. Дал ошол сыяктуу эле Европа уюмдары биринчи кезекте бийлик менен кызматташат жана мамиле түзүшөт. Алар очойгон акчаларды бөлдүрүп алып, ошол мамлекеттер менен иштеп жатабыз деп, биринчи кезекте айлык акы таап жешип атат. Буларды ачык айтыш керек. Алардан корко турган эч нерсе жок. Кыргыз мамлекетинин тагдыры дагы, келечеги дагы кыргыз мамлекетинин атуулдарынын колунда экенин биз үчүн түшүнө турган мезгил келип жетти деп ойлоймун.

- Эми Адахан Кимсанбаевич, сиздин саясий келечегиңизге байланыштуу суроолорго келсек. Сиз, президенттик шайлоого катышаарыңызда мурда эле жарыя кылган элеңиз. Бирок, айланаңызга топтогон командаңыз тууралуу эч нерсе айта элексиз. Чоң ат салышка түшкөн адамдын айланасында күчтүү командасы болуш керек. Андан сырткары Кыргызстанда кандай бийлик системасы керектиги тууралуу оюңузду айта элексиз. Ушул маселелер боюнча оюңузду айтсаңыз?

- Бийлик системасы адамдын өзүнүн ой жүгүртүүсүнө, же анын каалоосуна жараша болбойт. Кыргыз өлкөсүнүн баш мыйзамы болгон Конституцияда жазылып коюлган, «Кыргыз Республикасындагы бийликтин бирден-бир туткасы Кыргыз мамлекетинин эли» деп. Ошондуктан эл менен кеңешип, бүгүнкү кырдаалга кыргыз мамлекетине кандай структура керектүү болуп жатса, ошондой структура түзүлүш керек. Анан ошол эл тарабынан шайланган айыл өкмөттөрүнө бийликтин өзөгүн бериш керек. Ал эми президент тышкы жана ички саясаттын стратегиялык багыттарын аныктоочу рольго ээ болуш керек. Аны аткаруучу чакан кыргыз өкмөтү болуш керек. Команда жөнүндө айтканда, менин командам дагы, менин партиям дагы Кыргызстан эли, анын ичинде кыргыз эли. Алардан өткөн чоң саясий партия жок, алардан өткөн чоң команда жок.

- Бийлик системасы жөнүндө айтканда, конкреттүү түрдө жогорку бийлик системасы тууралуу сөз кылсак. Маселен, президенттик, парламенттик жана соттук бийлик системасы жөнүндө. Ушул үч бутакта баланс болбосо, азыркыдай чалкештик кайталана берери айкын болуп жатат. Ушул өңүттөн алганда, биз кантип баланс түзө алабыз?

- Бул баланс классикалык түрдө түзүлүш керек. Илгери акылман Платон айтып кеткендей, ушул үч бутактын ортосунда баланс болмоюнча эч бир мамлекет туруктуу өнүкпөйт. Бийликтин бир бутагына таразанын ташы ооп кеткенде, же диктатордук мамлекетке айланабыз, же анархияга айланабыз. Бизде ошондой кырдаал. Таразанын ташынын баары президенттик бийликте. Ошондуктан Кыргызстанда күтүүсүз жүрүштөр болуп кетет. Акылга сыйбаган чечимдер кабыл алынат, же 180градуска бурулган саясий окуялар болуп кетет.

- Адахан Кимсанбаевич, жакынкы келе жаткан президенттик жана парламенттик шайлоого божомолуңуз. Андан сырткары өзүңүз парламенттик шайлоодо мурдагы эле жерден ат салышайын деп турасызбы, же башкача оюңуз барбы?

- Биринчиден, көз ачып жумганча эмне болорун Жараткандан башка эч ким билбейт дейт. Ага чейин кудайдан башыбыздын амандыгын, элибиздин тынчтыгын тилешибиз керек. Кудай буюруп, ошол күндү көргөнгө насип кылган болсо, сөзсүз түрдө парламенттик шайлоого катышам. Себеп, айтаар сөзүм алдыда, аткараар иштер абдан көп. Ал эми президенттик шайлоо жөнүндө болсо, парламенттик шайлоо аяктагандан кийин эл менен, саясий ишмерлер менен сүйлөшүп, акылдашып туруп, чечим кабыл алабыз.

- Маегиңизге ырахмат. Ишиңизге ийгилик каалайбыз.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG