Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:06

Эл аралык долбоорлор Кыргызстанда кандай ишке ашат?


БИШКЕК. Кыргызстанда эл аралык долбоорлорго байкоо салуунун структурасы начар. Мындай пикирин 16-апрелде Азия өнүгүү банкынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Александер «Тышкы жардам долбоорлоруна мониторинг жүргүзүү жана башкаруу системасын жакшыртуу» аттуу жыйында билдирди. Анын айтымында, чет өлкөлүк жардам боюнча долбоорлорду ишке ашыруу системасын жакшыртып, техникалык жана кадрдык мүмкүнчүлүктөрдү өркүндөтүү зарыл. Мына ушул максатта Азия өнүгүү банкы «Кыргыз өкмөтүнүн тышкы жардам долбоорлорун башкаруусун жана мониторинг жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн күчөтүү» деген долбоорун ачып, ага грант берүүдө. Долбоордун жетекчиси доктор Ньюнттун баамында, каражаттын өз убагында берилбегендиги, кадрлар менен техниканын начардыгы мындагы башкы көйгөй. Андан тышкары өлкөдөгү чет өлкөлүк бардык долбоорлорго бирдиктүү байкоо жүргүзүү зарыл. Мындай маалымат бүгүн Каржы министрлигинен алынды.

XS
SM
MD
LG