Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:34

Саясий партиялар сапаттык өзгөртүүгө муктаж


БИШКЕК. Бүгүн «Регионалдык иликтөөлөр институту» Кыргызстандагы саясий партиялардын азыркы абалына арналган жыйын өткөрдү. Жыйында саясий партиялардын сапатын арттыруу жолдорун аныктоо максаты алдыга коюлду. Ага «Ата Мекен», Акыйкат жана прогресс», «Ар намыс», «Менин өлкөм» саяси партияларынын жетекчилери, коомдук, бейөкмөт жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Анда «Ата Мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев, «Акыйкат жана прогресс» партиясынын төрагасы Муратбек Иманалиев жана «Ар намыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев билдирүү жасашып, Кыргызстандагы саясий партиялардын сапатын арттыруу үчүн шайлоо системасын өзгөртүү зарылдыгын билдиришти. Өмүрбек Текебаев Кыргызстанда азыр тууганчылык, жердешчилик системасы күчтүү болуп, саясатчыларды ошого жараша бөлүп-жаруу жогору экендигин билдирди. Ал мындан арылуу үчүн парламенттик шайлоону пропорционалдык система аркылуу гана шайлоо керектигин сунуштады.

XS
SM
MD
LG