Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:45

Укук коргоочуларды кармоого Аксылык энелер нааразы


БИШКЕК.Аксы районундагы «Энелер кыймылынын» мүчөлөрү кыргыз бийлигинин Феликс Куловду бошотуу талабы менен жөө жүрүшкө чыккан укук коргоочуларды кармап, соттогон аракетине нааразы. Бул тууралуу бүгүн «Азаттыкка» «Энелер кыймылынын» мүчөсү Бурулкан Ырыскулова Кербенден телефон аркылуу билдирди. Анын маалыматына караганда, «Энелер кыймылынын» өкүлдөрү жөө жүрүшкө чыккандарга каршылык көрсөткөн бийликтин аракетин айыптаган кайрылуу кабыл алышкан. Анда укук коргоочу Төлөкан Исмаилова, Азиза Абдрасулова жана Турсунбек Акундун сот жообуна тартылышы элдин кыжырдануусун пайда кылгандыгын белгилешип, «Социалдык мобилизациялоо жана акыйкат башкаруу жылында» бийлик муну менен өзүнүн акыйкатсыздыгын айгинелөөдө деп жазышкан. Ал эми Бишкек шаардык ички иштер башкармасынын башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев 15-апрелде Бишкектен Феликс Кулов жаткан Жаңыжер түрмөсүнө карай жөө жүрүшкө чыккан атуулдар коомдук тартипти бузгандыгы үчүн кармалгандагын билдирген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG