Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:17

Кыргызстан менен Молдованын ортосунда беш макулдашууга кол коюлду


БИШКЕК. Бүгүн Молдова менен Кыргызстандын ортосунда «2004-2013-жылдарда экономикалык кызматташуу», «Кош салыктан качуу», «Информация жана информациялык технология тармагында кызматташуу» жана «Эмгек, социалдык коргоо жаатында кызматташуу» жөнүндөгү макулдашууларга кол коюлду. Кол коюу Молдованын премьер-министри Василий Тарлевдин Кыргызстандагы расмий визити маалында болду. Андан тышкары ушул эле күнү эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясынын протоколуна кол коюлду. Кыргызстан менен Молдованын өкмөт башчыларынын билдирүүсү боюнча, жаңыдан кабылданган макулдашуулар эки мамлекеттин соода-экономикалык кызматташуусун жакшыртат. Кыргызстан менен Молдованын ортосунда буга чейин 20 чакты эл аралык келишимдерге кол коюлган. Ал эми өткөн жылкы сооданын көлөмү 1 миллион 900 миң доллар болгон.

XS
SM
MD
LG