Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:17

Каракол Эркин экономикалык аймагында иштеген тараптар иш таштайт


БИШКЕК. 19-апрелде «Каракол» эркин экономикалык аймагында иштеген тараптар бир күндүк иш таштоого чыгышат. Өзүлөрүнүн укугун коргоо максатында эл аралык сотко, укук коргоочу уюмдарга, чет өлкөлөрдүн элчиликтерине кайрылат. Алар АКШнын, Казакстандын жана Орусиянын Кыргызстандагы туруктуу элчиликтерине кайрылып, атуулдук берүүнү же жер которуп кетүүгө жардам берүүнү сурашат. Бул тууралуу бүгүн «Каракол» эркин экономикалык аймагындагы 35 ишкананын жетекчилери элге билдирүү таратышты. Алардын мындай кадамга барууга «Каракол» эркин экономикалык аймагынын башкы директорунун аймактагы субьекттердин макамын жоюу тууралуу чыгарган токтому себеп болгон. Ысыккөлдүк ишкерлер кайрылуусунда премьер министр Николай Танаевди «Каракол» эркин экономикалык аймагында түзүлгөн кырдаал тууралуу президент Аскар Акаевге билдирүүсүн өтүнүшкөн.
Ал эми Ысыккөл облусунун губернатору Токон Шайлиеванын айтымында, олбус боюнча «Каракол» эркин экономикалык аймактагы ишканалардын макамын алган 130га жакын субьект катталган. Бирок, алар ишкана ачып, продукция жасап өндүрүш тармагын жандандырбастан валюта алмаштыруучу жай, майда дүң соода дүкөндөрүн, кафе-ашканаларды жана башка соода түйүндөрүн ачып алышкан. Ал ишканалар эркин экономикалык аймактын макамына жамынып салык төлөмдөрүн төлөбөй, облустун бюджетине киреше киргизген эмес.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG