Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:31

«Дордой» базарындагы өрттүн чыгуу себеби белгисиз


БИШКЕК.Бишкектин түндүгүндөгү «Дордой» базарына тиешелүү «Дордой-Азия» дүң соода дүкөнүндө чыккан өрт бүгүн таңкы саат жетиде токтотулду. Өрт өчүргүчтөр өрт башка жакка өтпөшү үчүн улам бир жерден чыккан жалынды кечке чейин өчүрүп жүрүштү. Адистер өрттүн чыгышына эки жагдай себеп болушу мүмкүн деп божомолдоп жатышат. Алардын айтымында, өрт темир ширеткичтен учкан учкундан тутанышы же бирөөлөр атайылап койгон оттон чыгышы мүмкүн. Экинчи божомолдун айтылышына өрттүн бир эл учурда дүкөндүн төрт жеринен чыгышы негиз берүүдө. Президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Досалы Эсеналиевдин билдирүүсү боюнча, өрттүн чыгуу себептерин иликтөө үчүн бардык күч министрликтеринин өкүлдөрү кирген комиссия түзүлөт. Комиссиянын жыйынтыгына жараша күнөөлүүлөр жазасын алат. Өрт соодагерлер менен мамлекетке канча зыян алып келгени азырынча белгисиз. Ал эми дүкөндө 300дөн ашуун адам соода кылчу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG