Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:02

Кадырман угармандар кабарчыбыз Балбай Алагушов Кыргыз Улуттук телерадио корпорациясында чейрек кылымдан ашык жогорку категориядагы диктор болуп иштеп, бүгүнкү күндө кадырлуу эс алууда жүргөн кесиптешибиз Шариман Нурматова менен баардашкан. Азыр ошол маекке назарыңыздарды салыңыздар.

Кадырман угармандар азыркы сиздер уккан музыка менен 60-жылдары Кыргыз радиосунун берүүлөрү башталчу. Ал эми саламдашкан залкар диктор Капар Алиев менен 23 курактагы жаш диктор Шариман Нурматова. Бүгүн Шариман айым студиябыздын мейманы. Ал чейрек кылымдан ашык Кыргыз радиосунда диктор болуп иштеген. Азыр ардактуу эс алууда. Жогорку категориядагы диктор. Кесиби боюнча тилчи. "Азаттык" радиосунун такай угарманы.

- Шариман айым диктордук кесиптин босогосун кандайча аттадыңыз?

- Ырахмат. Ал өзүнчө чоң тарых. Биздин Акбешим Чүйдөгү чакан айыл болгону менен 50-жылдары жарык коюлуп, радио түйүнү иштей баштады. Элдин жана мендей өспүрүмдөрдүн таң аткандан жатканга чейинки эрмегибиз радиону укмай. Ал кезде азыркыдай телевизор деген жок. Биринчи эле радио берүүлөр бериле баштагандан дикторлор Капар Алиев, Гүлниза Мамбетова, Гүлчай Орозбаева, Бекташ Акматов, Азиз Исмаилов, Аблесим Ниязов, Зарыл Мамбеталиевалар окушкан берүүлөрүн угуп алып, таң калчумун. Мага алар приемниктин ичинде отуруп алып сүйлөп жаткандай туюлчу. Дикторлукка ушунчалык кызыга баштадым. Кыргыз университетинин тил жана адабият факультетине өттүм. Аны бүтүрөөрүм менен 1965-жылы Кыргыз радиосу менен телевидение комитетинин төрагасы Асанбек Токомбаевге бардым. Агай мени редактор болуп иште деди. Мен редактор болуп иштей албайм. Иштөөгө шартым жок. Эгерде мүмкүнчүлүк болсо дикторлор сүйлөгөн студияда кичинекей эле иш болсо ошол жерде иштейт элем - десем, агай күлүп, бир кишиге телефон чалды. Агайдан чыгып түз эле студияга бардым. Көрсө, телефон чалган студиянын начальниги Юрченко экен. Ага жолуктум. Ал үн оператору болуп иштеген Жамалбек Шамбаев деген агайга дайындады. Агай бош эмес экен. Бир аялдын үнүн тасмага жазып жатыптыр. Агай - бир паска туруп тур кызым. Азыр жазып бүтөйүн - деди. Жазып жаткан аялдын үнү тааныш. Көрсө, диктор Гүлниса Мамбетова экен. Агай ишин бүтүрдү. Эртең кел -деди. Эртеси эле студияга барып аппараттар менен тааныштым. Эңсегеним эле дикторлорду көрүп, алар менен таанышуу.

- Шариман айым эң алгачкы жолу обого ким менен чыктыңыз эле?

- Чынын айтсам эң биринчи жолу эфирге ким менен чыкканым эсимде жок. Бирок алгачкы жолу адабияттык көркөм окууну Капар Алиев агай менен бирге отуруп окудум. Капар агай токтолуп калган куракта экен. Жанына отуруп "Кутмандуу күн" аттуу адабий-музыкалык берүүнү окуй баштаганда агайдан бир чети сүрдөп корунам. Экинчиден ал кишиден ушунчалык уялам, тартынам. Агай ушунчалык сылык, кичипейил, кыраакы киши экен. - "Ой кызым корунба, уялба, тартынба, сен окуганы келгенден окушуң керек. Бул сөздү мындай, тигил сөздү тигиндей, бул сүйлөмдү мындай окуу" - деп, өзүнө тартып кеп-кеңешин берген насаатчым Капар агай болду.

- Кечиресиз Шариман айым, сөзүңүз оозуңузда, баса Капар агайдын туубаса дикторлук чеберчилиги, адамкерчилиги жөнүндө бир-эки ооз айта кетсеңиз?

- Капар Алиев "Кыргыздын Левитаны" деген сөзгө татыктуу, андан да артык адам эле. Мен бул агайды көрүп, кызматташ болуп калганыма аябай сыймыктанам. Балапан кезимден көксөгөн адамдарына жолукканыма жана алар менен дикторлук кесипте иштеп калганыма сыймыктанам. Мен иштей баштаган кезде агай радио комитетте иштебей калыптыр. Бирок, күнүгө радиого келип адабий-музыкалык берүүлөрдү окуп жүрдү. Агай тексти бир сыйра карап чыгып, беш мүнөттөн кийин жазууга отурганда 30-40 мүнөттүк берүүнүн текстеринин бир жеринен жаңылбай, токтолбой шар жогорку деңгээлде ушунчалык укулуктуу, ушунчалык көркөм окуганына таң калаар элем.

- Шариман айым 60-жылдардын башында Капар агай орус акыны Твардовскийдин "Мелмилдейт мейкин талаа" аттуу поэмасынан кыргыз радиосунун адабияттык берүүсүнөн үзүндү окуптур. Анда эмесе ошол поэмадан бир шиңгил угалы да, анан кебибизди уланталы.
Алиев: Кош бол досум,
Жөнөдүм колду бер.
Чакырат алыс жолдор
Алыс сапар,
Жаңылбай убагынан белгиленген,
Поездим чыгыш жакка арыштар,
Кыйрына көз жетпеген
Ата журту.
Кубаттуу дарыялары күркүрөгөн,
Оттору жылтылдаган алыстыкты
Жакшы көрөм
Дүйнөдө мындан жакшы жолдор жок - деп окуптур.
Шариман айым сиз кандай жанрдагы радиоберүүлөрдү алып барып жүрдүңүз?

- Менин оюмча дикторлук кесипти бирден-бир такшалткан бул акыркы кабарлар. Анан саясий редакциялардан кетип жаткан саясий макалалар. Мен буларды окууну тез эле өздөштүрүп кеттим. Балдар, адабият, айыл чарба редакцияларынын берүүлөрүн да көп окудум. Баса, Аблесим агай, Азиз Исмаилов, Абакир Бекмурзаевдер менен бирге отуруп окуганда эч бир кыйынчылыктарды сезбей окучумун. Ал эми эмнегедир Бекташ Акматов агай менен окуганда ушунчалык кыйналып, текстерди кармай албай, буту колум калтырап кетүүчү. Бир нече жолу иштебейм, бул киши менен окубайм деп ыйлаган күндөрүм да болду.

Азыр кезекти сиз алгачкы жолу окуган адабий берүүнүн үзүндүсүнө берейин.

- Шариман сиздер иштеп жүргөн кездерде берүүлөр түз эфр аркылуу чыгуучу беле?

- Өзүңүзгө белгилүү болгондой "Кутмандуу күн" адабий-музыкалык берүүлөрдөн башкасы түз эфир аркылуу берилүүчү.

- Сиз иштеп жүргөндө редакторлордон макалалар өз убагында келбей чыйпыңыздар чыккан учурлар болчу беле?

- Туура айтасыз. Ал кезде "Микрофон папкасы" деген болор эле. Анда саат сааты менен макалалар катары менен бөлүнүп коюлчу. Бирок, редакторлордон акыркы кабарлардын материалдары берилерине он мүнөт, ал эле эмес 2-3 мүнөт калган учурда колубузга тийген учурлар көп эле болду. Залкар дасыкан, көздөрү каныкан дикторлор текстерди окуп баратып эле оңдоп кетишчү. Ал эми биздей жаш дикторлор үчүн өтө кыйын болчу.

- Шариман айым акыркы кезде бардык эле радиолордо илгеркиден берүүлөрдү профессионал дикторлор окубай да, алып барышпай калды. Бул жөнүндө оюңуз?

- Адбан жакшы суроо бердиңиз. Мен радиону угуп, телевизорду көрөм. Чынын айтсам көпчүлүк убакта "Азаттыкьы" угам, сыймыктанам. Бүгүнкү күндө дикторлук кесип жоюлуп кетти. Өтө өкүнүчтүү. Кыргыз телевидениесинин "Алатоо" кабарларын окуган кыздар, жигиттер тың. Менин жүрөгүмдү оорутканы кыргыз радиосундагы редакторлордун алып барышы тынчсыздандырат. Ырас, алардын барын жаман деш болбойт. Арасында такшалган балдар, кыздар бар. Бирок, аларды тандоодо кемчиликтер бар. Менимче жаштарды кызматка алууда үндөрүнүн ар түдүлүгү (түстүүлүгү) окуунун ыкмаларын билишсе жакшы болоор эле. Биз иштеп жүргөндө атайын даярдоо курстарынан өткөн жокбуз. Ырас, Москвадагы Бүткүл Союздук радиого үч айлап, алты айлап командировкага барып, залкар дикторлор Л.Черных, В.Чернов, Ю.Богомоловдордон сабак алдык. Мен Ю.Левитанды да көрүп калдым. Булардын көп практикалык жардамдарды алдым. Техникаллык речтен сабак, таалим-тарбия алчубуз. Бир эле мезгилде алар окушкан акыркы кабарларды угуп, кайра кайталоочубуз. Мен жогоруда аттарын атап кеткен агайларым менен ар дайым сыймыктанам. Мен жаш радио журналисттерге айтарым уялышпаса, тартынышпаса биздей ардагер дикторлор менен байланашып турушса деймин. Эң башкысы улутук тилибиздин талабын билишип, сөздүн тазалыгын, логикалык басымдарды, чет элдик сөздөрдү таза, так айтуунун эрежелерин жакшы билишсе деймин. Биз күндөлүк турмушубузда гезит, облуст айтып жөрүбүз. Бирок,ободо облуст, гезит деп айткан сөздөргө мен абдан нааразымын. Баса, койлор, транспорт деген сөздөрдү да туура айтпай жүрөбүз. Алып баруучулар сөздүктөрдү пайдаланышса, билишпесе биз оңдогон дикторлордон сурашса жакшы болор эле.

- Шариман айым тажрыйбалуу жогорку категориядагы диктор катары жаш радио журналисттердин чеберчиликтерин көтөрүш үчүн кандай кеңеш берер элеңиз?

- Бизде атайын окуу куралдары жок. Бирок, окуу куралдарын сактап жүргөн адамдар бар. Ошолорду пайдалансак. Ошондой болсо да атайын радио кызматкерлери үчүн окуу китебин жазып чыгарышыбыз керек.
XS
SM
MD
LG