Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:05

Мароккодон Катарга учуп чыккан учакты барымтага алуу аракети жасалды


Марокконун Касабланка шаарынан учуп чыгып, Катар мамлекетине бет алган учакты барымтага алууга аракеттенген адам бүгүн Каир шаарында кармалды, ал Кувейттин жараны болуп чыкты. Учкучтарга ал Женевага барып конууну талап кылган, бирок алар Каирге конгон. Барымтачынын жанында эч курал табылган жок, учакта 90 жүргүнчү бар болчу жана ал Катардын борбору Доха шаарына учуп кетти. Бирок Кувейттин Ички иштер министрлигинин айтымында, ал адам учакты барымтага алууну көздөбөгөн, жөн гана учкучтар аны түшүнгөн эмес.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG