Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:14

Бурманын оппозицилык партиясынын кеңсеси бир жылдан кийин кайра ачылды


Бурманын аскерий бийлиги бүгүн - "Демократия үчүн улуттук лига" деп аталган оппозициялык уюмдун кеңсесин борбор калаа Рангун шаарында ачууга уруксат берди. Кеңсе былтыр май айында жабылган жана анын жетекчиси, Нобел сыйлыгынын ээси Аун Сан Су Жи кармалып, эл аралык коомчулуктун басымы астында кийин үй камагына которулган. 1990-жылы Сан Су Жи айымдын партиясы парламенттик шайлоодо утуп чыккан, бирок аскерий хунта бийликти ага өткөрүп берүүдөн баш тартып, анын өзүн камап салган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG