Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:51

БУШ МЕНЕН БЛЭР ЭМИ ООНго ИШЕНЕТ


Эсенбай НУРУШЕВ Вашингтондо АКШ президенти Жорж Буш менен Британиянын премьер-министри Тони Блэр Ирак проблемасын, Жакынкы Чыгыштагы жагдайды талкуулашты. Эки лидер тең быйыл июндун этегинде бийлик ирактыктарга өткөрүлүп берилерин тастыкташты. Мындан тышкары Израил өкмөтүнүн башчысы Ариэл Шарондун пландарына да колдоо көрсөтүп, аны Жакынкы Чыгышта тынчтыкка жетишүүнүн жаңы мүмкүнчүлүгү катары баалашты.

Ариэл Шарон Газа тилкесинен бардык жөөт маалаларын көчүрүп,ошол эле учурда Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги обосолдордун баарын болбосо да көбүн отурукташкан орун-очокторунда калтырууну көздөп жатат. Ал эми бир кезде жөөттөр өлкөсүндө жашап, кийин бозгун-тозгун болуп кеткен палестин качкындары Израилге эч качан кайтарылбайт. Жөөт премьеринин бул планын өткөн аптада президент Жорж Буш колдоп, бир катар союздаштарын, анын ичинде Еврошаркетти комутта калтырган болчу. Ошондон улам Блэр менен Буштун жолугушуусунда дал ушул маселе кычыктуу ишке айланат, атүгүл аларды араздаштырып коюушу да ыктымал деген түпөйүл түкшөмөлдөр жасалган эле. Эки лидер бу темада тартышып-талашкан чыгар,бирок анысын коомчулукка сездирген жок. Буш жөөт өкмөтүнүн планын кайрадан колдоп,бул эң сонун мүмкүнчүлүк, палестин калкы муну реформаланган,адилет жана эркин өкмөт түзүү үчүн пайдалана алат, деп билдирди. Болгону буга конструктивдүү мамиле жасоо керек, бул сунуш “жол картасы” планын жүзөгө ашырганга жаңы дем берет.

Тони Блэр да ушундай пикирин билдирди. Жөөт премьеринин сунушу “жол картасын” жокко чыгарды дей албайм, тескерсинче, менимче, бул “жол картасына” кайтып келүүнү билдирет, деп айтты британ премьери. Эки лидер тең Жакынкы Чыгыштагы тынчтык процессинин төрт сүрөөнчүсү – ООН, Евросоюз, АКШ жана Россия жакынкы аралыкта, болжол менен ушул айдын этегинде Берлинде атайын жыйынга чогулганы жатканын кызуу кубатташты.

Ирак маселесинде да тараптар бирдей ой-пикирлерин билдиришти. Коалицияга, жайкын калктын өзүнө каршы жасалып жаткан карасанатайлыктар бизди артка тартканга мажур кыла албайт, деп айтты Блэр. Аны коштоп Буш козголоңдор менен коркутуулар коалицияны майыштыра албай тургандыгын ырастады. Азыркы кыйын-кычык абалга карабастан бийлик мурда белгиленген мөөнөттө ирактыктарга берилет. Иракта демократиялык система түзүүнүн программасын иштеп чыгууда ООН башкы озуйпаны аткарат,деп ишендирди Блэр. Буга байланыштуу тараптар ООНдун коопсуздук кеңеши Ирак боюнча жаңы резолюция кабыл алып, анда өлкөнүн саясий өнүгүү жана баракатчылыкты камсыз кылуу жолдору аныкталышы зарыл экенин белгилешти. ООНдун атайын өкүлү Брахиминин сунуштарын колдойбуз, деп кошумчалады Буш. Брахиминин планында, Буштун айтымында, бийликти өткөөл өкмөткө өткөрүп берүүнүн ирактыктар үчүн алда канча алгылыктуу жолдору аныкталган.

Брахиминин планы азырынча коомчулукка белгисиз. Айтымда,документте ушу таптагы башкаруу кеңешин таркатып, анын ордуна абройлуу адамдардан куралган өткөөл өкмөт түзүү, бийликти дал ошолорго өткөрүп берүү сунуш кылынган дешет. Өткөөл өкмөт болсо 30-июндан соң көп аялдабай Ирактын конституциясын даярдоого киришет, анын негизинде эмдиги жылдын январында жалпы элдик шайлоо өткөрүлөт.

Блэр менен Буш былтыр Иракка согуш ачар алдында ООНдун коопсуздук кеңешинин колдоосун таба албай коюшкан эле. Бир жылдан соң эки лидер Ирактагы иштерде ООН негизги озуйпаны аркалашы керектигин айта башташты.

XS
SM
MD
LG