Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:52

ИРАКТАГЫ АБАЛ КУРЧ БОЙДОН КАЛУУДА


Баян Жумакадыр кызы, Прага Ирактагы ахвал курч бойдон кала берүүдө. Каттоо өтө коркунучтуу болуп калгандыктан Багдаддын түндүк жана түштүк тарабындагы жолдор жабылды. 16-апрелде Нажафтагы көтөрүлүшчүлөр эгерде АКШнын аскерлери өлкөдөн чыгып кетпесе, көтөрүлүшкө Багдад шаары да кошула турганын эскертишкен.

Тирешти дипломаттык жол менен жөнгө салуу аракеттери ок атышуулар уланып жаткан жагдайда жүргүзүлүп жатат. АКШ аскерлери менен сунни көтөрүлүшчүлөрүнүн Фалужадагы салгылашууларында жума күнү 15тей киши курман болгондугу маалым болду. 5-апрелден берки кандуу салгылашууларда Иракта 600дөн ашык ирактык жаран набыт кетти. Кабарчылардын маадымдашынча, тирешти дипломатиялык жол менен жөнгө салуу аракеттерине биринчи жолу АКШнын Ирактагы администрациясынын өкүлдөрү түздөн-түз аралаша башташты. Администрациясынын өкүлү Дан Сенор:

- Биз муну менен кан төгүүнү болтурбоого колдон келген аракеттердин баарын жасап жатканыбызды көрсөткүбүз келет, - деп айтты.

Ал эми Нажаф шаарын көзөмөлдөп турган шии мусулман көтөрүлүшчүлөрү куралдарын таштоодон баш тартышты. Албууттанган шиилер мусумандардын ыйык шаары Кербала менен Нажафка баш баккан америкалык аскерлердин канын суудай агызууга касам ичишти. Көтөрүлүшчүл аскерин таркатуудан баш тарткан Имам Мехди Ал-Садр:

- Мен бул кошуундарды өзүмөн-өзүм эле түзгөн эмесмин, мен аларды эл менен бирдикте түзгөнмүн, ошон үчүн аскерлерди өзүм билип, таркатып жиберүүгө акым жок , - деп айтты.

Жума күнү ал-Садрдын көтөрүлүшчүлөрүнө колдоо билдирген миңдеген шии мусулмандары Багдадда митинг өткөрүштү. Байкоочулар, Багдаддын айланасындагы жолдор көтөрүлүш отунун Багдадга өтүп кетүүсүнө жол бербөө максаты менен жабылганын айтып жатышат.

Анын аралыгында, Иракта шаршемби күнү барымтага алынган эки япон журналист койо берилгендиги маалым болду. Ал эми 9-апрелде Багдадда кармалып кеткен АКШлык аскер дагы эле туткунда кала берүүдө. Ал-Жазира телеканалы көрсөткөн тасмада барымтачылар аны коалициялык күчтөрдүн туткунуна түшкөн ирактыктарга айыр баштоону сунуш кылышкан. Жума күнү кечинде көрсөтүлгөн берүүдө алып баруучунун кыскача баяндамасынан кийин солдат тартылган тасма көрсөтүлгөн. Тасманын көргөн солдаттын туугандары теледен көрсөтүлгөн киши чын эле Кейт Маупин экенин бышыкташты. Аскердик булактар солдаттын 9-апрелден бери жок болуп жатканын ырастады.

XS
SM
MD
LG