Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:17

Жекшембиде Газа шаарында Хамас уюмунун лидери Абдел Азиз Рантисини акыркы сапарга узатууга 200 миңдей палестин катышты. Ал Израилдин ракеталык соккусунан улам ишембиде мерт болгон эле. Бул окуя үчүн Израил эларалык коомчулуктун сынына кабылды. Анткен менен жөөт өкмөтү террорчуларды жок кылуу саясатын токтотпосун, ал эми Хамас өз жетекчилеринин өлүмү үчүн өч алынаарын эскертүүдө.

Ушуну менен палестиндердин Хамас уюму бир айга жетпеген убакыттын ичинде эки жетекчисин жоготту. Уюмдун негиздөөчүсү жана рухий лидери шейх Ахмед Ясин Израилдин ракеталык чабуулунун натыйжасында 22-мартта мерт болгон. Ахмед Ясинди Хамастын жетекчилигинде алмаштырган Абдел Азиз Рантиси да ишембиде дал ошондой эле ыкма менен жок кылынды. Газа секторунда Израилдин тик учмалары Хамастын лидеринин автоунаасын эки ирээт ракета менен атышкан.

Хамас эми Израилден өзүнүн эки жетекчисинин өлүмү үчүн сөзсүз өч алынаарын, аларга каршы жанкечтилердин чабуулдары көбөйөөрүн убада кылууда. Уюмдун жаңы жетекчиси дайындалды, бирок коопсуздук жүйөөсүнөн улам анын ысымы ачык жарыяланган жок.

Абдел Азиз Рантисинин өлүмү үчүн Израил эл аралык сынга кабылды. Жөөт өкмөтүнүн аракетин айыптаган сөздөр араб өлкөлөрүнөн, Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу боюнча төртилик топтун мүчөлөрүнөн да айтылды. Ал төртилик топко АКШ, Европа Биримдиги, Орусия жана БУУ кирет.

БУУнун Башкатчысы Кофи Аннан өз билдирүүсүндө Израилдин аракеттери эларалык мыйзамдарга каршы келээрин жана ансыз деле кыл учунда турган кырдаалды курчутаарын белгиледи. Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча координатору Хавьер Солананын айтымында, Израилдин аракеттери мыйзамсыз гана эмес, ал чөлкөмдөгү чыңалуунун басаңдашына салым кошпойт. Британ тышкы иштер министи Жек Стро Хамастын лидеринин өлтүрүлүшүн "мыйзамсыз, өзүн актабаган жана пайдасыз" иш катары мүнөздөдү. Орусия болсо Израилдин өзүн коргоо укугунан күмөнсүнбөсүн, бирок мындай аракеттер эларалык мыйзамдардын чегинде жасалыш керектигине токтолду. Араб лигасы болсо муну "мамлекеттик террор" деп баалады.

Ал эми Кошмо Штаттар Израилди айыптаган жок. Вашингтон билдирүүсүндө Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдан терең тынчызданаарын жана Израил өз аракеттеринин кесепеттерин кылдат ойлонуштурушу керектигин белгиледи. АКШ Хамасты террорчул уюм катары атап, Израилди өзүн коргоо укугун колдогон.

Палестин жетекчилиги болсо Хамастын лидеринин өлтүрүлүшү тирешүүнүн күчөшүнө гана алып барат деп эсептейт. Палестин өкмөтүнүн министри Хассан ал-Хатиб:

-Биздин оюбузча бул отко май тамызып, жаңы тирешүүгө жана зомбулукка гана алып барат. Тилекке каршы Израил куралдын күчү менен гана аракеттенүүсүн уланта берсе, биз зомблуктун гана айлампасына күбө болобуз. Качан Израил тынчтыктын жалгыз жолу сүйлөшүү, оккупацияны токтотуу жана палестиндердин мыйзамдуу укугун таануу экенин түшүнгөндө гана чөлкөмдө тынчтык жана гүлдөп өнүгүү үчүн мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Израил болсо өз аракетин туура деп эсептейт. Өлкөнүн тышкы иштер министрлигинин өкүлү Жонатан Пелед Абдел Азиз Рантиси адилет жаза алганын белгиледи:

-Израил террорчулукка каршы күрөштү улантууга мажбур. Жүздөгөн израилдиктердин өлүмү үчүн жоопкер болгон жана жанкечтилердин жаңы чабуулдары менен коркуткан Хамас террордук уюмунун башчысы катары бул адамдын колу канга булганган эле. Палестин бийлиги террорчулукту ооздуктамайынча, Израил муну менен өзү күрөшүүнү улантат.

Израил террорчуларды жок кылуу саясатын токтотпосун жөөт өкмөтүнүн жекшембидеги жыйынында премьер-министр Ариэл Шарон да ырастады.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG