Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:05

Словакияда кечээ өткөн президенттик шайлоону Иван Гашпарович утуп алды


БРАТИСЛАВА. Кечээ Словакияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өттү. Аны парламенттин мурдагы спикери Иван Гашпарович жеңип алды. Ал 60 пайызга жакын добушун топтоду. Шайлоонун 3-апрелде өткөн биринчи айлампасында Иван Гашпарович менен мурдагы премьер-министр Владимир Мечиар алдыга чыгышкан болчу. Мечиар премьер болуп турганда эларалык уюмдар анын авторитардык бийлигин көп сындаган. Ал 1998-жылдагы парламенттик шайлоодо утулуп калган эле. Ишембидеги президенттик шайлоодо Мечиар 40 пайызга жакын гана добуш чогултту.

Иван Гашпаровичтин президенттик шайлоону утуп алышы күтүүсүз окуя катары каралууда. Шайлоо алдындагы сурамжылоолорго караганда Мечиар алдыга чыгыш керек болчу.

Словакияда негизги бийлик премьер-министрдин колунда. Жаңы президент премьер-министр менен тил табышып, бирге иштөөгө аракет жасайм деп билдирди.
Словакия НАТОго ушул айдын башында мүчөлүккө кабыл алынган. 1-майдан тартып өлкө Евробиримдикке өтөт.

XS
SM
MD
LG