Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:29

Рантисинин сөөгү жерге берилди


ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШ. Бүгүн он миңдеген палестиндер ХАМАСтын лидери Абдел Азиз Рантисинин сөөгүн жерге беришти. Рантиси ишемби күнү Израилдин абадан жасаган ракеталык аткылоосунун натыйжасында жаракат алып, кийин ооруканада үзүлдү. Мындан бир ай мурда ХАМАСтын мурдагы лидери Ахмед Ясин дагы Израилдин абадан чабуулунун натыйжасында каза тапкан.

Палестиндер Рантисинин жана Ясиндин өмүрү үчүн Израилден сөзсүз өч алабыз деп кезенип жатышат. Уюмдун жаңы жетекчиси дайындалганы да белгилүү болду. Бирок ал адамдын аты-жөнү коопсуздуктан улам ачыкка чыгарыла элек.

Дүйнө коомчулугу Рантисинин өлүмү үчүн Израилди сынга алышууда. Арап мамлекеттеринин катуу нааразычылыгын айтпаганда да, Евробиримдиктин тышкы байланыштар боюнча координатору Хавьер Солана Израилдин бул операциясын мыйзамсыз деп баалады. Бириккен улуттар уюмунун башкатчысы Кофи Аннан Рантисини мындай жол менен өлтүрүү эларалык укуктук салттарды бузуу болуп саналат жана Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды курчутат деп билдирди.

Вашингтон болсо Израил террорчулуктан коргонууга акылуу болгон күндө да, ар бир жасаган кадамынын кийинкисин ойлонушу керек деген көз-карашын айтты.

Израилдин премьер-министр Ариэл Шарон бүгүн министрлер кабинетинин жыйынында ХАМАСтын лидери Абдел Азиз Рантисини өлтүрүү боюнча чабуулду ишке ашырганы үчүн күч органдарын алкоого алды. Шарондун айтымында, Израил мындан ары да палестиндердин радикал ХАМАС тобунун лидерлерине багытталган мындай операцияларды ишке ашырууну уланта бермекчи.

Израилдин тышкы иштер министри Жонатан Пелед дагы ХАМАСка багытталган мындай чабуулдар улана берээрин айтты:

– Израил терроризмге каршы күрөштү улантууга аргасыз болот. Ишембиде террористтердин колу канга булганган башчысын – Израилдин аймагында далай кандуу булоон окуяларды ишке ашырган ХАМАС террордук уюмунун башчысына сокку урулду. Палестин бийлиги бизге каршы террорду токтотууга кылдай да аракет кылган жок. Ошондуктан Израил мындан ары да жанкечтилерге каршы чабуулдарды уланта берет.

XS
SM
MD
LG