Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:33

Депутаттар «Пирамида» телеканалынын айланасындагы кырдаалды карайт


БИШКЕК. Мыйзам чыгаруу жыйынынын коомдук бирикмелер жана маалымат саясаты боюнча комитетинин 21-апрелде кеңиртилген отуруму өткөрүлөт. Анда «Пирамида» телекөрсөтүүсүнүн айланасында түзүлгөн кырдаал каралат. Бул маселе кийинки жумада каралаарын комитет төрагасы, депутат Кабай Карабеков «Азаттыкка» кабарлаган. Техникалык себептерге байланыштуу 17-мартта «Пирамида» каналы өзүнө таандык метрдик диапозонда чыга албай калган. Бирок бузулган тетик эки жума мурун жаңы жабдуу менен алмаштырылганына карабай каналдын өз толкунунда чыгуусуна мүмкүнчүлүк берилбей жатат. «Каналдын чыкпай калуусунда саясий себептер байкалууда», деп «Пирамиданын» жетекчилиги «Азаттыкка» жума башында кабарлаган. 16-апрелде өткөн "тегерек стол" жыйында «Пирамиданын» жетекчилиги өздөрүнүн мындай шегин кайра кайталаган. Ал эми «Кыргызтелекомдун» телекөрсөтүү жана радиоуктуруу боюнча радиожыштык магистралдары бирикмесинин өкүлү «Пирамиданын» иштөөсү үчүн жаңы жабдуулар сатылып алыныш керектигин, ансыз ал «КООРТ» телеканалынынын берүүлөрүнүн сапатын бузгандыктан обого чыгарылбасын билдирген.

XS
SM
MD
LG