Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:41

ИРАК: УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТТҮН УБАЙЫМЫ


Бурулкан Турдубек кызы, Прага Ишемби күнү Сирия менен чектеш аймакта каршылаш тараптар дагы кагылышты. 14 саатка созулган атышууда америкалык беш аскер набыт болуп, ирактык 20 адам колго түшкөнү айтылууда. Ал эми бул аралыкта Бириккен улуттар уюму Ирактагы өткөөл өкмөт түзүүгө камылгалар боюнча резолюция кабыл алуу камын көрүүдө.

АКШнын Бириккен улуттар уюмундагы өкүлү Жон Негропонтинин айтымында, Иракта жагдай оорлошуп кеткенине карабастан бийликти 30-июнга чейин убактылуу өкмөткө берүү демилгесин жергиликтүү калк колдоп жатат.

- Өткөөл өкмөттү түзүү демилгеси колдоого алынып, 1-июлдан баштап эгемендикти орнотуу багытында ишке киришүү, аны илгерилетүү убадалары берилип атат, - деди АКШнын Бириккен улуттар уюмундагы өкүлү Жон Негропонти.

Ал эми президент Жорж Буш менен премьер Тони Блэр Вашингтондогу жолугушууда Бириккен улуттар уюмунун убактылуу өкмөт орнотуу планын колдоп, эгемен жана бейкут Иракты курууга кол кабыш кылууга даяр экендигин билдиришти.

- Биз Бириккен улуттар уюмунун атайын өкүлү Брахиминин сунушун кубаттайбыз, - деди президент Буш, - Ал ирактыктар үчүн убактылуу өкмөт түзүүнүн ыңгайлуу негиздерин алдын ала аныктоодо. Биздин коалициядагы өнөктөштөр БУУ менен бирге 2005-жылдын январында жаңы өкмөттү шайлай турган жалпы элдик шайлоого камылга көрүүнү уланта берет.

Ал эми Негропонтинин айтымында, БУУнун Ирактагы өкүлү Брахими убактылуу өкмөттү калыптоодогу башкы киши:

- Бул маселе боюнча ал башкы лидер жана анын сунуштары чоң салмакка ээ болот деп ойлойм.

Ирактагы өткөөл саясат маселесин бейшембинин кечинде Улуу Британиянын өкмөт башчысы Тони Блэр менен Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Кофи Аннан да талкуулашкан. Кофи Аннан уюмдун убактылуу өкмөткө байланышкан резолюциясы Коопсуздук кеңешинде Лахдар Брахими кайтып келгенден кийин анын сунуштарына ылайык талкууга коюлаарын билдирген.

Брахиминин Иракта болуу мөөнөтү соңуна чыкты. Иракта ал саясий уюмдардын, коомчулуктун өкүлдөрүнүн кеңири чөйрөсү менен жолугушту. Сөздүн уңгусун убактылуу өкмөттү түзүүгө, эгемендикти калыбына келтирүүгө жана бул иштердеги уюмдун салымына байланышкан маселелер түздү.

30-июнга чейин 25 кишиден турган башкаруу кеңеши жоюлуп, шайлоого чейин убактылуу өкмөт түзүлүшү керек. Бирок акыркы окуяларга караганда, ирактыктардын купулуна башкаруу кеңеши толбой калды. Ошондуктан, талдоочулардын баамында саясий оюнчулар эми Иракта жаңы көзгө көрүнө баштаган кыймылдарды кызматташтыкка тартуу аракетин кылышы ыктымал.

Ирактын өткөөл саясаты боюнча план иштеп чыгуу милдети жүктөлгөн Лахдар Брахими өз сөзүндө убактылуу өкмөт чынчылдыгы, жөндөмдүүлүгү менен айырмаланган аял-эркектерден куралыш керектигин белгилеп, бирок кимге басым жасап жаткандыгын ачыктаган жок.

Учурда Ирак коомчулугунун көңүлүн бурган уюмдардын катарында динаятчылардын ислам кыймылы турат. Азыркы жагдай бул кыймылдын таасирин күчөттү. Суннилер маселен, акыркы тополоңдо барымтага алынган 20 чамалаш чет өлкөлүктү бошотууда дал ушул кыймылдын мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланды.

Кыймыл өзү болсо зомбулуктарга каршы экенин билдирүүдө. Анын башчыларынын бири Ал-Мохаммедови Ирактагы Америка саясатына нааразылыгын билдирүү максатында жакында Башкаруу кеңешинен чыгып кетти. Саддамдын тушунда ал алты жылга эркинен ажыратылган.

XS
SM
MD
LG