Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:57

ТАЖИКСТАНДАН КЕЛГЕН КЫРГЫЗДАРДЫН КЕМ-КАРЧЫ ДАЛЕ КӨП


Мырзахалим Каримов, Бишкек Тажикстанда 1992-жылы башталган улуттук араздашуудан кийин Кыргызстанга ооп келип жашап жаткан кыргыздардын турмушу мурдагыдан азыноолак оңолду. Ошого карабай акыркы 6-7-жылдан бери алардын дале көптөгөн маселелери чечилбей келатат. Кыргызстандын акыйкатчысынын көзкарандысыз эксперттер кеңешинин мүчөсү, Тажикстандан келген кыргыздар коомунун төрагасы Сабыр Сатыбалдиев менен кабарчыбыз өткөргөн маекте ошол көйгөйлүү маселелер тууралуу кеп козголот.

- Сабыр мырза, Кыргызстандын ар кайсы аймактарында жашап жатышкан тажикстандык кыргыздардын азыркы учурдагы турмуш-тиричилиги, чечилбей жаткан көйгөйлүү маселелери тууралуу кеп салып берсеңиз?

- Тажикстандык кыргыздардын азыркы учурдагы турмушу мурдагы жылдарга салыштырганда бир кыйла жакшы десе болот. Бирок каттоого алуу, атуулдук ыйгаруу, төрөлгөн балдарга жана турмуш кургандарга күбөлүктөрдү берүү, пенсияга чыгуу, жер үлүшүнө ээ болуу сыяктуу толгон-токой маселелер көп жылдардан бери чечилбей келатканы бизди абдан тынчсыздандырууда. Турмуш-тиричиликтеринин оңолушу жумушка, жерге ээ болууга байланыштуу. Дыйканчылыкты жакшы билген адамга жер берилсе эле көп нерселер чечилээри анык. Ушул маселе боюнча Сокулук районунун Жаңыжер айыл өкмөтүнө кайрылганыбызда, алар буга чейин суулуу жерлердин баары бөлүнүп, жалаң кайрак жерлер калганын айтышты. Жаңыпахта айыл өкмөтүнүн аймагында жашап жаткан кыргыздардын көпчүлүгү 1993-жылы келишип, атуулдук алышканы менен жер үлүшүнө ээ болушкан эмес. Ал эми Тажикстандан көчүп келаткандардын саны күндөн күнгө көбөйүүдө. Аларга жер берилсе дыйканчылык менен алектенишпесе, кадай турмуш өткөрүшөт? Албетте, айрым айыл-чарба кооперативдери биздин адамдарга колдон келген жардамдарын берип келатышат. Аларга ыраазыбыз. Бирок айыл өкмөттөрү тарабынан сунуш кылынган жерлердин дээрлик бардыгы камыш баскан баткак, эгин эгүүгө жараксыз жерлер. Бул жерлерди өздөштүрүү үчүн өтө чоң каражат талап кылынат албетте. А биздин адамдарда андай акча жок. Ушундан улам биз жакында президент Аскар Акаевге кат менен кайрылып, тарыхый мекенибизде алакандай жерге зар болуп жүргөнүбүздү жана башка маселелерибиздин чечилишине жардам берүүсүн өтүндүк.

- Тажикстандык кыргыздардын жергиликтүү эл менен аралашып, ынтымакташып жашап кетүүсү маанилүү маселелердин бири. Өткөн жылы Жаңыжер, Васильевка айылдарында жергиликтүү эл менен айрым пикир келишпөөчүлүктөр болуп өткөнү тууралуу басма сөз каражаттарында кабарланган эле. Азыр бул маселеге кандай көңүл бурулуп жатат?

- Ырас, мындай окуялар кээ бир айылдарда анча-мынча кайталанууда. Мунун алдын алуу үчүн биз тийиштүү жерлерге кайрылып жатабыз. Маселен, миграция кызматына жолдогон билдирүүбүздө тажикстандык кыргыздар жыш отурукташкан жерлерде өзүлөрүнүн арасынан элди жакшы жолго баштай ала турган аксакалдарды же элбашчыларды шайлоо керектигин сунуш кылдык. Эгер бул сунуш эске алынып жүзөгө ашса, анда дал мына ошол аксакалдар аркылуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, көп маселелерди жөнгө салса болот.

- Чүй бооруна отурукташкан кыргыздар негизинен дыйканчылык менен алектенишет. Өткөн жылы алардын көпчүлүгү капуста жана башка айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүп, өндүргөн продукцияларын өз убагында сата албай, азырга чейин кыйналып жүрүшөт. Анын себеби эмнеде?

- Жаңыжер, Васильевка, Жаңыпахта, Карл Маркс айылдарындагы кыргыздар өткөн жылы ижарага жер алып, көпчүлүгү капуста эгишип, эң сонун түшүм алышкан. Бирок тилекке каршы, ошол мээнеттин үзүрүн көрбөй, абдан чоң зыянга учурап калышууда. Жумуруяттан тышкары жерлерге алып барып саталы десе, документтери жайында эмес. Ал эми жергиликтүү бийлик органдары болсо өндүрүлгөн түшүмдү сатууга көмөтөшпөй коюшту. Натыйжада азыр кыргыздардын ондогон, жүздөгөн тонна капусталары чирип жатат. Эгер өндүрүлгөн түшүм сатылбай таштандыга айланса, быйыл тажикстандык кыргыздардын көпчүлүгү эгин эгүүгө каражаттары болбой, жакырчылыкка кабылаары анык.
XS
SM
MD
LG