Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:52

НИКИТА ХРУЩЕВДУН ТУУЛГАНЫНА 110 ЖЫЛ ТОЛДУ


Муса Мураталиев, Москва шаары 17-апрелде Никита Хрущевдун туулган күнүнө 110 толду. Ал 1953-жылдан 1964-жылга дейре совет мамлекетин, ошондой эле компартияны жетектеп турган. Анын ысмы менен биринчи кезекте, Сталиндин керт башына сыйынуучулуктун бетин ачуу жана 1960-жылдардагы коомду либералдаштыруу иштери тыгыз байланыштуу. Ошол эле учурда Хрущевдун «өзүмбилемдик» менен жүргүзгөн бийлиги өлкөдө саясий кине менен кишилерди жазалону жараткан. Кийин Брежнев уюштурган жумшак төңкөрүштөн улам кызматтан кетип, ошол кезден тартып анын ишкердиги гана эмес, аты да унутула баштаган. Талдоочулардын баамында, бүгүнкү күндө деле Хрущевду эстеп жүргөндөрдүн саны андан да аз.

Хрущев тирүү болгондо 110 жашка чыкмак экен. Сталин өлгөндөн кийин ал Совет мамлекетин жетектеп калган. Ал кезде өлкөнү коммунисттер партиясы башкарып тургандыктан ал партиянын да башкы катчысы болуп Брежнев аны бийликтен алганга дейре иштеген.

Хрущев советтик саясий турмушка коомду либералдаштыруунун эпкинин алып келген. Анализчилер оозунда ошол себептүү, азыркы туштагы реформа башаты ошол кезде ачылган деген кеп бар. КПССтин 20-курултайында делегаттар алдында сөз сүйлөп, Сталиндин керт башына сыйынуучулуктун бетин ачкан Хрущев болгон. Сталиндин тушунда саясий кине менен кесилип түрмөдө, сүргүндө жүргөн он миңдеген кишилер ошол чогулуштан кийин бошотулган.

Никита Хрущев эларалык деңгээлде да эмгек сиңирген ишмер болгон деген кеп бар. Ал советтик жетекчилер ичинен биринчи болуп чет өлкөгө, атап айтканда АКШга ырасмий сапар менен чыккан. Ал маселен, президенттер Эйзенхауэр менен Кеннедиге жолуккан. Саясий дымагын орундатыш үчүн Кубага болушуп Кариб деңизине атомдук дүрмөтү бар ракеталар алып жүрүүчү суу асты менен жүрүүчү кемелерди киргиздирген. Батыш менен болгон алакасы утушка дуушар болгонун көрүп, дагы бир жолу капилеттен Берлин дубалын тургуздурган.

БУУнун жыйынына Нью-Йоркко барып, отурум үстүндө чыр салып, бутундагы туфлийин чече коюп, үстөлдү койгулаган. Өлкөнүн экономикасын тезинен оңдойм аракети менен бардык чарбада жүгөрү айдоо керек деген көргөзмө берген. Бирок андан жакшы натыйжа чыккан эмес.

Ошол эле учурда Хрущев мамлекет башында туруп Сталиндей эле күчкө салып бийлик жүргүзүүгө өзү да барган. Манеж сарайында авангард сүрөтчүлөр көргөзмөсүн жаап салуу же Кариб деңизинде аз жерден дүйнөлүк атомдук согуш чыгуусуна себепкер болбой калышы буга күбө.

Өз мезгилинин курмандыгы болгон Хрущев совет элине батыштык либерализмди чукулдатканы менен, нийетинде коммунист болгонун анын кызы Рада Аджубей эскерет:

- Албетте, ал коммунист болгон. Ушул мүдөөнун негизинде элдерди (бак-таалайлуу кылууга болот – ММ), аларды жыргалдуу турмушка ээрчитип келүүгө болот деп ишенген, - дейт атасы туурасында Рада айым.

Чет мамалекетке сапарга чыкканда Хрущевдун делегациясына көп кошулуп жүргөн Федор Бурлацкий:

- Хрущев кыйынчылыктан коркчу эмес. Тобокелге салма мүнөзү бар эле. Керек болгондо шар аккан суунун агымын жиреп, агынга каршы чабак урчу, - дейт.

Андан аркы кебинде саясатчы 1956-жылы 14-февралда өткөн советтер компартиясынын 20-курултайдагы кепке токтолду. Жыйын ачылаарга саналуу сааттар калганда саясий төбөлдөр алдында ал:

- Сталиндин керт башына сыйынуу кандай болгондугу туурасында чындыкты айтуу керек дейт. (Олтургандардын – ММ) баарысы ага каршы чыгат. "Кантип айтабыз? Силер дагы күнөөлүүсүңөр!" дешпейби. "Жок, айтууга болбойт" дешет. Анда Хрущев "мен баарыбир айтам!" деп алардын кебин укпай койот. Ошондон улам саясий төбөлдөр 20-курултайда унчукпай олтуруп берүүгө аргасыз болушкан, - деди Бурлацкий мырза.

Хрущевду саясий бюро кийин - 1964-жылы кызматтан алган. Ал ошол кезден тартып бир кездеги өлкө жетекчиси пенсияга чыккан советтик атуулдардын бири катары үйүндө жүрүп, дүйнөдөн көзү өткөн.

Ушул жекшембиде Никита Хрущевдун киндик каны тамган Курск обулусуна караштуу Калиновка кыштагында анын 110 жылдыгы белгиленди.
XS
SM
MD
LG