Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:21

КУСЕИН ИСАЕВ: "СОЦИОЛОГИЯ - САЯСАТ, ТУРМУШ ТУУРАЛУУ ТАК МААЛЫМАТТАРДЫ БЕРЕТ..."


Санарбек Карымшаков, Бишкек Коом турмушундагы өзгөрүүлөрдү, алардын себеп натыйжаларын жана калктын социалдык абалын изилдөөдө социология илиминин мааниси зор экени белгилүү. Көп жылдардан бери ушул тармакта эмгектенип келаткан социолог профессор Кусеин Исаевди кабарчыбыз кепке тартты.

Философия илимдеринин доктору Кусеин Исаев азыркы учурда Бишкек гуманитардык университетинин социология боюнча профессору, Россия Федерациясындагы эки академиянын - социалдык академиянын жана гуманитардык илимдер академиясынын академиги. Бүткүл дүйнөлүк социологдор ассоциациясынын мүчөсү жана Кыргызстандагы социологдор коомунун төрагасы.
Социологиялык илимдердин максаттары жана милдеттери жөнүндө собол салганыбызда, Кусеин Исаев мына буларды айтты:

- Адамдардын жүрүм-туруму, алардын ой жүгүртүүсүндөгү өзгөрүү, тигил же бул маселеге болгон мамилеси тууралуу мамлекеттик статистика маалыматтарды так бере албайт. Андай так маалыматтарды социологиялык изилдөөлөр аркылуу гана алууга болот. Баягы менчиктештирүү мезгилинде адамдардын ага болгон мамилесин изилдеп, биз ошондо жыйынтык чыгарганбыз - кыргыздар байлыкка жулунбаган топуктуулугунан көп нерседен куру калышты. Менчиктештирүүгө эң биринчи кызыккандар кимдер болду? Корейлер, дунгандар, уйгурлар, казактар, өзбектер, орустар. Кыргыздар жетинчи орунда болчу. Ошондо биз жогору жактагыларга кайрылдык: приватизацияны прихватизацияга айлантпай, шашпай, элибиздин менталитетин эске алып жүргүзөлү деп. Биздин улуттук психология, тарыхый-маданий салттар кылымдар бою башкача түптөлүп калган. Ошондуктан бүгүнкү жарды-жалчылардын көпчүлүгү кыргыздар.

- Кусеин мырза, сиздердин социологиялык иликтөөлөрүңөрдүн кайтарымы кандай болуп атат? Мисалдардан келтире кетсеңиз?

- Биз элибиздин жашоо-шартын изилдеп, массалык маалымат каражаттары аркылуу жарыялап турдук. Бирок бийлик андай маалыматтардан корккондуктан, бизге кулак төшөбөй, тийиштүү жыйынтык чыгарбай койгон. Дүйнөлүк социология илиминин өнүгүү тарыхына 200 жылча болуп калды. Өнүккөн, цивилизациялуу өлкөлөрдүн жетекчилери ар дайым социология илимин урматтап, анын жыйынтыктары менен эсептешип турат. Биз андай маданияттуулукка али жетише албай жатабыз. Көп өлкөлөрдө социология илимине артыкчылык берилип, илимпоз социологдорду даярдоого көп көңүл бурулуп турат. А бизде андай эмес. Социология боюнча диссертацияларды жазган жаштарыбыз өзүбүздө адистештирилген кеңештин жоктугунан башка жактарга барып, жалдырап жүрүшөт.

- Азыркы учурдагы пландарыңыз? Сиздерди кандай маселелер тынчсыздандырып жатат?

- Биз акыркы эки жылдан бери саламаттык сактоонун жагдайын изилдеп келатабыз. Ушул тапта кыргызстандыктардын денсоолугу өтө начарлап кетти. Мисал келтирейин. Азыр төрөт курагындагы аялдардын 80 пайызы ар кандай ооруларга чалдыгышкан: боору оругандар - 70 пайыз, бөйрөк оорулар - 80 пайыз, өпкө-боору, жүрөгү, кан тамырлары ооругандар - 75 пайыз. Бир жашка чейин балдардын нерв оорусуна чалдыкканы -70-80 пайыз. Совет доорунда калыптанып, жакшы жолго коюлган ден-соолукка камкордукту, шарттарды бүлүндүрүп алдык. Азыр дары-дармектин баасы асмандап кетти. Көп адамдар дарылангандан көрө өлүп тыналы деп калышты. Биз отуз жылдан бери саясатчылардын рейтингин изилдеп келдик эле, бирок айрым бийлик ээлеринин тоскоолдугунан бул багыттагы иликтөөлөрүбүздү токтотконбуз. Эми шайлоолор жакындап келатат. Ошого байланыштуу бул темага кайрылабыз. Дагы бир багытыбыз - социология илимине кызыккан жаштарыбыз көбөйүп келатат. Ошолорго жакшы шарт түзүп берели деп жатабыз.
XS
SM
MD
LG