Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:39

Соростун кору Өзбекстандан кетүүгө мажбур болду


Теги венгер филантроп Жорж Сорос кечээ Лондондо, Европалык кайра куруу жана өнүктүрүү банкынын жылдык жыйынында пресс-конференция өткөрдү. Өзбекстандын өкмөтү анын "Ачык коом институтунун жардам корун" кайра каттоого буйрук бергенден кийин Сорос Ташкендеги корун жабууга чечим кылды. "Кайра каттоо шылтоосу менен баары бир өзбек бийликтери уюмду иштетмек эмес" деди Сорос.
Сорос кору Өзбекстанда 1996-жылдан бери бир катар соопчулук долбоорлоруна 22 миллион доллардай акча жумшаган.

Сорос жарандык коом кысымга алынган Өзбекстанда адам укуктарынын абалы өтө оор экендигин белгиледи.

XS
SM
MD
LG