Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:09

13-МУНАПЫС МЫЙЗАМЫНА КОЛ КОЮЛДУ: КИМДЕР БОШТОНДУККА ЧЫГАТ?


19-апрелде президент А.Акаев мунапыс тууралуу мыйзамга кол койду. Президенттик акимчиликтин маалымдоосуна караганда, жаңы мыйзамдын тексти жакынкы күндөрү расмий басылмаларда жарыяланат. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы менен Конституция кабыл алынышынын 10 жылдыгынын урматына даярдалган жаңы мыйзамга президент А.Акаев эки ирет каршылыгын билдирип артка кайтарган.

Эсеби маселен, 13-ирет кабылданып аткна мунапыс тууралуу мыйзамдын жолу катуу белем, кыйлага эки ортодо түрткүнчүк болуп, маалынан кечигибирээк мыйзамдуу күчүнө кирди.

Президенттик акимчиликтин укук бөлүмүнүн башчысы Анарбек Исмаиловдун айтуусунда, мунапыс мыйзамынын долбоорун кыргыз өкмөтү менен парламент депутаттары даярдашкан.

- Мыйзам өткөн жылдын 24-апрелинде кабыл алынган. Бирок да айрым алешемдиктери менен ички карама-каршылыктарын көрсөтүп президент мыйзамды парламентке кайтарып берген. Өткөн жылдын сентябрында президенттин пикирин эске алуу менен мыйзам парламентте кабыл алынып, кайрадан президентке кол коюуга жөнөтүлгөн. Бирок, анда дагыле президенттин пикири толугу менен эске алынбаганы көрсөтүлүп, мыйзамга кол коюунун конституциялык эрежелерин бузбаш үчүн президент аны кайтарып берди. Жүйөө катары мыйзамдын 18-беренеси өзгөртүлбөгөнү көрсөтүлгөн.

Талашка түшкөн беренеде мунапыс мыйзамына туш келчү жана туш келбей тургандардын укуктук негизи аныкталган. Ошентип өткөн жылдын 30-декабрында президент А.Акаев себеп-жүйөөсүн айтып, мыйзамды кайтарган. Мамлекеттүүлүк майрамы менен Конституциянын кабыл алынышынын урматына чыгарылган Мунапыс мыйзамынын ортодо түрткүнчүк болушунун себеп-жөнүн “Арнамыс” партиясынын төрага орунасары Эмил Алиев момундай түшүндүрөт:

- Эң башкы себеп бул жерде бир эле, Ф.Кулов бул мунапыс боюнча чыгып калмак болчу. Ошон үчүн аны байкап калган администрация тез арада кайтарып Жогорку Кеңештен Ф.Куловду боштондукка чыгарбагандай кылып оңдотконго аракет кылышты. Мурун мындайлар тарыхта болгон эмес. Эгерде бул жерде Феликс Кулов болбосо мындай иш жасалмак деле эмес.


Ушул жылдын 9-мартында парламент мунапыс мыйзамын дагы бир жолу карап чыгып, талашка түшкөн 18-беренени оңдоп президентке жөнөттү. Акыры президент мыйзамга кол койду. Анарбек Исмаиловдун ырасташынча, жаңы мыйзам боюнча кыйла категориядагы жарандар боштондукка чыгат:

- Булар СССР, Кыргыз ССРнин кызыкчылыгын коргоп согушка, ошондой эле Чернобыль кырсыгын жоюуга катышкандар, 58 жаштан өткөн аялдар, 65 жаштан өткөн эркектер, чиедей эки баласы бар үй-бүлөнүн ишенген табышкери, ошондой эле 1-топтогу майып ата-энесинин ишенген баласы. Ошондой эле 1-2-топтогу майыптар боштондукка чыгарылат. Биринчи жолу кылмыш кылып 7 жылга чейин кесилген жашы жетелек өспүрүмдөр, жаза мөөнөтүнүн аякташына 1 жыл калгандар да эркиндик алышат. Анан да биринчи ирет жеңил кылмыш жасап түшкөндөр, шарттуу кесилгендер, эркинен ажыратылбай жазага кириптер болгондор бошотулат.

Жаңы мыйзамга ылайык экономикалык кылмыш жасап, бирок да жасаган зыяндын ордун толуктагандар эркиндикке чыгарат.

- Эгер маселенин практикалык жагын эске алсак, оор кылмыш жасагандар, киши өлтүргөндөр мунапыс мыйзамына туш келбейт, - деп түшүндүрдү президенттин пресс-катчысы Абдил Сегизбаев.

Анарбек Исмаиловдун ырасташынча, алдын-ала эсептөөлөргө караганда мунапыс мыйзамына ылайык 700 ашуун адам боштондукка чыгат. 1000 жакын адамдын жаза мөөнөтү кыскартылат. Мунапыс мыйзамына ылайык “Арнамыс” партиясынын жетекчиси Ф.Куловдун боштондукка чыгышы мүмкүнбү деген суроого А.Исмаилов момундай жооп узатты:

- Менин билишимче, гражданин Ф.Кулов оор кылмышы үчүн соттолгон. Анын кылмышы өзгөчө оор кылмышка жатат. Ошондуктан мунапыс берүү, кечирим кылуунун негизги принциптерин аныктаган мыйзамга жана жаңы кабыл алынган мунапыс мыйзамына ылайык Ф.Кулов боштондукка чыкпайт.

XS
SM
MD
LG