Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:10

ЧЕТ ЖЕРДЕГИ КЫРГЫЗДАРДЫН УКУГУ КАНДАЙ КОРГОЛУУДА?


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги чет жерде жүргөн кыргыз атуулдарынын укугу менен кызыкчылыктарын коргоо боюнча аракет көрөт. Бирок, Кытайда ондогон атуулдар карыз үчүн барымтада отурушса, дагы бир даары Араб Эмираттарында түрмөдө жаза өтөп жатышат. Алар чет өлкөлөргө кандай жагдайда барып, эмне үчүн жазага кириптер болуп жатышат?

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин башкы консулу Руслан Казакбаевдин расмий маалыматы боюнча, азыр 300 миңден ашуун кыргыз атуулу Орусияда, 80 миңден ашыгы Казактанда иштеп жүрүшөт. Андан тышкары Кытайга, Араб Эмираттарына,Түштүк Корея менен Өзбекстанга ондогон атуул тагдыр ташкыны менен барып калган. Алардын укугун Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү 19 элчилик,беш башкы консулдук жана 2 консулдук пунктун өкүлдөрү коргоо жаатында аракет кылышат. Бирок, карапайым кыргызга мурда белгисиз болгон адам сатуу деген ишкерлик менен иш кылган шылуундардын кайырмагына илингендер аз эмес. Аларды көбү Араб Эмираттарына сойкулук үчүн жашыруун жеткирилген кыз келиндер. Руслан Казакбаевдин айтымында, бул Кыргызстандын учурдагы башкы көйгөйү:

- Бириккен Араб Эмираттарында азыр 100дөн ашуун кыргыз атуулу жүрөт. 2003-жылы укуктук ар түрдүү маселелер боюнча 100 киши кайрылган. Алардын ичинен 92сининин чын эле кыргыз атуулу экендигин аныктаган документтери такталгандан кийин Кыргызстандын башкы консулдугунун көмөгү менен өлкөгө кайтарылды. Азыр ошондой эле ал жерде 30дан ашуун адам тартип коргоо органдары тарабынан кармалып, тергөө жүргүзүлүп жатат. Алар Араб Эмираттарында мыйзамсыз жүргөндүгү үчүн кармалышкан. Буга, биринчиден, алардын визасынын мөөнөтү бүтүп калгандыгы,экинчиден, Эмираттардын мыйзамдарына карма-каршы иш жасап, акча таап жүргөндүгү үчүн кармалышкан. Бул жерден муну так айтып кетиш керек, андай ишке баргандардын баары кыздар. Андан тышкары спирттик ичимдиктерин ичкендиги үчүн колго түшүшкөн.

Руслан Казакбаевдин айтымында, бирок, Бириккен Араб Эмираттарында жүргөн кыргыз атуулдарынын так эсеби канча экенин аныктоо мүмкүн эмес. Анткени,буга жети эмирликтин мыйзамдарынын жети башка экендиги башкы тоскоолдук.

Андан кийинки көйгөй Кытайга барып карыз үчүн барымтада калган атуулдардын тагдыры. Башкы консулдун айтымында, кыргыз тараптын эсеби боюнча Кытайда азыр 27 атуул барымтада. Ал эми Кытайлыктар 12 атуул, анын 8и Артышта, төртөө Кашкар шаарында экендигин айтышат. Андан тышкары эки өлкөнүн чек арасындагы Топо аттуу чакан шаарда соодагерлер алган товары үчүн туугандарын барымтага көп калтырышат. Бирок, алар бир-эки күнгө, жумага же айга калтыргандыктан так санын чыгарыш мүмкүн эмес. Карызын төлөп бири кетсе, бири кайра келип турат. Алардын карызы 200 доллардан 80 миң долларга чейин болот. Ага барымтада турган мезгилдеги тамагы жана жашоо акысы кошулуп көбөйүп кеткендиктен карыздакорлордун 80 проценти төлөй албай калышат. Бирок, өткөн жылы барымтага түшкөндөрдү бошотууга көмөктөшүүнү өтүнгөн эки гана арыз түшкөн.

Ал эми өткөн жылы Орусияда иштеп жүргөн кыргыздардын 2 миңи гана туруктуу,76 жарым миңи убактылуу каттоодон өтүп, 4,800 адам эмгектенүүгө расмий уруксаат алган. Азыр бул өлкөдө 764 атуул кылмыш жазасын өтөп жатса, өткөн жылы 69 адам ар кандай себеп менен каза болгон. Миграция департаментинин директору Зафар Хакимовдун айтымында, Орусияда жүргөн кыргыздарды чет мамлекеттерге чыгуу, иштөө боюнча маалыматынын жоктугу көп проблемага кириптер кылат. Бирок, ал жерде жүргөн атуулдардан кысым көрсөтүүлөр боюнча арыз түшкөн эмес:

- Бир-эки жылдын ичинде Орусиянын 15 регионунда болуп келдим. Кудайга шүгүр, биз жерде биздин атуулдарга улуту же расалык белгилери боюнча кысымга алуу тууралуу бир да жерден сөз уккан жокпуз
XS
SM
MD
LG