Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:40

ТАРЫХЫЙ ЭСТЕЛИКТЕР КАМКОРДУККА МУКТАЖ


2004-жылы 18-апрелде Бүткүл дүйнө эли Тарыхый эстеликтер жана жайлардын күнүн белгиледи. Ага байланыштуу атайын иш чаралар өткөрүлдү. Бул күнү Тарыхый эстеликтер менен тарыхый жерлерге аяр мамиле жасоо жана аларды келечек муун үчүн бапестеп сактоо маселеси көтөрүлдү. Ал Кыргызстанда да өзгөчө көңүл бурууну талап кылган маселе болуп келүүдө. Анткени соңку кезде Кыргызстанда бир жагынан тарыхый эстеликтерге дурус көңүл бурулуп жатса, экинчи жагынан экономикалык кыйынчылыктан улам, тарыхый эстеликтер таланып-тонолуп, каралбай калган учурлар да болууда.

Кыргызстан аркылуу байыртадан Батыш менен Чыгышты байланыштырган Улуу Жибек жолу өтүп, өз кезегинде жер-жерлерде соода түйүндөрү, андан шаарлар пайда болуп, ал жерде кооз курулуштар курулуп, Алатоо аймагы аркылуу өткөн меймандардын көңүлүн өзүнө бурдуртуп келген. Өз мезгилинде гүлдөп өнүккөн шаарлардын айрым имараттары, урандылары гана сакталбаса, негизинен Кыргызстан көздүн жоосун алган байыркы курулуштарга жарды. Бирок ага карабай кооз жаратылышы менен бирге коомчулуктун көңүлүн бурдурткан тарыхый эстеликтерге, жайларга бай. Атайын иликтөөлөргө караганда Кыргызстанда мамлекеттин коргоосуна алынган 2500 дөй тарых жана маданият эстеликтери бар. Алардын ичинен ЮНЕСКО уюму тарабынан бааланып, дүйнөлүк мааниге ээ 10 го жакын эстелик жайларды кездештирүүгө болот. Кыргызстандын аймагында пайгамбарлардын ысымдары менен байланышкан 7 тарыхый эстелик жайдын болушу көптөгөн чет өлкөлүк туристтердин кызыгуусун жаратып келет.

Эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин элдин эс тутуму, өз тарыхына болгон мамилеси түп тамырынан өзгөрүп, ага байланыштуу тарыхый эстеликтерге жана жайларга болгон мамиле да жаңыланды. Бирок экономикалык оор абалдан улам, тарыхый эстеликтерге камкордук бир топ төмөндөп кеткени да жашыруун эмес. 2002-жылы Кыргыз өкмөтү тарабынан тарыхый эстеликтердин сакталышын жана натыйжалуу пайдаланышын камсыз кылуу максатында Тарыхый-маданий мурас обьектилерин эсепке алуу, коргоо, реставрациялоо жана пайдалануу жөнүндө Жобо бекитилген. Мына ушул Жобо менен бирге республикалык мааниге ээ 583 тарыхый жана маданий эстеликтердин тизмеси такталган. Бирок аларды келечек муун үчүн сактап калуу чаралары айрым адистердин пикирине караганда өтө кубанаарлык эмес. Аталган маселе тууралуу Тарых илиминин доктору, профессор, ОшМУнун 1-проректору Ташмамат Кененсариев мындай дейт:

- Менин айтайын дегеним Кыргызстанда тарыхый эстеликтер өтө начар корголуп атат. Бул эми экономикалык кыйынчылыкка, обьективдүү себептерге байланыштуу болушу мүмкүн. Бирок кантсе дагы биз кайсыл бир деңгээлде чет жактардан сүрөөнчүлөрдү таап, кайсыл бир деңгээлде мецанаттардын берген каражаттарын пайдаланып, эстеликтерди сактап калышыбыз керек. Антпесек биз 50-60 жылдан кийин таптакыр эле тарыхый эстеликтен куру жалак калышыбыз мүмкүн. Айтайын дегеним азыркы учурда кайсыл бир деңгээлде элдин, улуттун руханий көрөңгөсүн байытуу үчүн тарыхый эстеликтерди сактап калыш керек деген ойдомун.

Көпчүлүк адистер профессор Ташмамат Кененсариевдин пикири менен макул болуп келет. Анткени жер менчиктелип, башта тарыхый эстелик катары мамлекет тарабынан коргоого алынып келген айрым жайлар айдоо аянтына айландырылып, эски курулуштардын кирпичи ташылып кетип ар кандай максатта пайдаланылып жатканы тууралуу маалыматтар көп айтылууда. Ошондон улам тарыхый мурастар мамлекеттин коргоосуна жана камкордугуна алынып, кийинки муунга аздектелип өткөрүлүп берилсе деген пикирлер көп айтылат.

XS
SM
MD
LG