Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:56

ТУРСУНБЕК АКУН КАЙРАДАН СОТТОЛУУДА


19-апрелде Биринчи май райондук сотунда укук короочу Турсунбек Акундун иши каралды. Ага Биринчи май райондук милиция кызматы тарабынан өлкөнүн административдик кодексинин бир нече беренеси боюнча айып коюулууда.

Белгилүү укук коргоочу Турсунбек Акун 15-апрелде милиция тарабынан кармалып, ал эми Биринчи май райондук соту тарабынан бир миң сом айып пул салынган. Укук коргоочуга мындай айып салууга анын Феликс Куловду бошотуу талабы менен Жаңыжер абагына чейин ишке ашпай калган жөө жүрүш акциясына катышуусу себеп болгон.

Ишке ашпай калган жөө жүрүштөн кийин Турсунбек Акун, «Рентон группка» акчасын алдаткан айрым аманатчылардын чакыруусу менен алардын 16-апрелде Бишкектеги Максим Горькийдин эстелигинин алдында өткөн жыйналышына катышат. Мына ошол жерден аны милиция кызматкерлери кайрадан кармап кетип, административдик кодекстин 392, 364 жана 371 беренелери боюнча айып коюп, ишти сотко жиберишет. Иш Биринчи май райондук соттун судьясы Аман Сариевге жүктөлүп, ал дүйшөмбү күнү сот жараянын баштады. Сотто Турсунбек Акунду «Кылым шамы» уюмунун лидери Азиза Абдрасулова коргоп, милиция тараптан да, аманатчылар тараптан да күбөлөр катышты.

Аманатчы-ардагерлер Александра Банникова, Раиса Иванова, Татьяна Ефремова жана Юлия Карпова Турсунбек Акунду кеңеш алуу үчүн чакырышканын, анда Турсунбек Акун милиция кызматкерлерин кордобогонун жана мыйзам бузууга үндөбөгөнүн билдиришти. Ал эми күбө катары катышкан милиция кызматкерлери Калмухамед Кутушев менен Ильяз Туракеев Турсунбек Акун милиция кызматкерлерин уят сөздөр менен сөгүп, кордоду, элди митингиге үндөдү деп билдирди. Маселен милиционер Ильяз Туракеев мындай көрсөтмө берди:

- Бул киши келип эле тарап бараткандарды кайра чогултуп, Акүйгө чейин барууга, ал жерде күн сайын пикетке чыгууга үгүттөп, элди уюштуруп жатты.

Бирок элдин өз таламын коргоп пикетке чыгуусу алардын Конституциялык укугу экенин сотто да Турсунбек Акун кайталады:

- Чыгууга мыйзамдык укугуңар бар. Андан сырткары Конституциянын жоболору түздөн-түз күчкө ээ. Ал эми Конституциянын 16 беренесинде, Адам укуктары боюнча жалпы декларацияда пикетке чыгууга, жыйналууга укугуңар бардыгы жазылып турат. Эч кимдин кармоого укугу жок. Бала ыйлабаса эмчек кайда деп айтып жатсам эле бийлик өкүлдөрү үгүт жүргүзбө деп кыйкырды.

Милиционерлердин «Турсунбек Акун бизди кордоду, каршылык көрсөттү» деген айыптоолору милиция кызматкерлери өздөрү тартып алган видеотасмада тастыкталган жок. Ал тасмада Турсунбек Акундун адамдарга алардын укуктары жөнүндө маалымат берип жатканы,андан кийин милиция кызматкеринин талабына баш ийип, өз эрки менен алардын машинасына баратканы көрсөтүлгөн.

Тараптардын көрсөтмөлөрүн уккандан кийин судья Аман Сариев милиция тарабынан Турсунбек Акунга коюлуп жаткан күнөөлөр далилденбегинин билдирип, ишти толуктап, далилдерди таап келүүгө кайтарды.

Соттун мындай чечимин Турсунбек Акундун коомдук жактоочусу Азиза Абдрасулова мындайча баалады:

- Негизинен сот бүгүн Турсунбек Акунду акташ керек эле. Анткени анын мыйзам бузгандыгы жөнүндө бир да сөз далилденген жок. Бирок сот аны актай албады. Мындан Турсунбек Акунду куугунтуктоо болуп жаткандыгы көрүнүп турат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG