Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:00

Билим берүү тармагындагы коңшу өлкөлөр менен болгон кызматташтык жакшыртылат


БИШКЕК. Учурда Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Ооганстандын ортосунда билим берүү тармагындагы кызматташтык жөнүндөгү Макулдашуунун долбоору даярдала баштады. Бул тууралуу бүгүн өлкөнүн билим берүү министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Аталган төрт өлкөнүн ортосунда билим берүү тармагындагы кызматташтык жөнүндөгү Макулдашууда негизинен студенттер менен алмашуу, жогорку окуу жайларынын дипломдорун өз ара таануу маселелери камтылат. Бул жөнүндө жакында Борбор Азия өлкөлөрүнүн билим берүү министрлеринин Ташкентте болгон жолугушуусунда да талкууланган. Министрликтен маалымдашкандай, азыр Кыргызстанда Ооган студенттерин акысыз окутуу маселеси каралууда. Бул жөнүндө республиканын билим берүү министри Мустафа Кидибаевдин Ооганстандын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Шериф Ахмад менен болгон жолугушуусунда да пикир алмашты.

XS
SM
MD
LG