Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:49

Укук коргоочу коомдук тартипти бузду деп күнөөлөнүүдө


БИШКЕК. Бүгүн Бишкектеги Биринчи май райондук соту Кыргызстан адам укугун коргоо кыймылынын төрагасы Турсунбек Акунду административдик жоопкерчиликке тартуу боюнча козголгон ишти карай баштады. Укук коргоочуга Биринчи май райондук милиция кызматы тарабынан өлкөнүн административдик Кодексинин бир нече беренеси боюнча айып коюлууда. «Рентонгруп» ишканасына алданган аманатчылар 15-апрелде Бишкектеги Максим Горькийдин эстелигинин жанындагы аянчага нааразылык акциясын өткөргөн. Турсунбек Акун алданган аманатчыларга алардын укуктарын түшүндүрүп берип жатканда милиция кызматкерлери аны күч менен кармап кетишкен. Турсунбек Акунга «уруксат берилбеген митинг өткөрүп коомдук тартипти бузду» деген айып тагылууда. Бул күнкү сот жараянында тараптардын көрсөтмөлөрү угулгандан кийин, судья Аман Сариев милиция тарабынан Т.Акунга коюлуп жаткан күнөөлөр далилденбегендигин билдирип, ишти кароо улантыла тургандыгын маалымдады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG