Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:52

Ташкен Жорж Соростун фонду өлкөдө иштөөсүнө каршы


ТАШКЕН. Ырасмий Ташкен белгилүү филантроп Жорж Соростун фондунун Өзбекстанда иштөөсүн каалабасын билдирди.
Сорос кечээ күнү Европа өнүгүү жана реконстркуциялоо банкынын жыйынында Өзбекстандагы адам укугунун абалын сындап, өзбек өкмөтүнүн чет элдик уюмдарды каттоо жөнүндөгү жаңы жобосу фондунун өлкөдөгү ишмердүүлүгүн токтотууга мажбур кылып жатканын айткан эле. Сорос ошондой эле өзбек бийликтери кайра каттабай койгондон улам, өзү каржылаган Ачык коом институтунун Ташкендеги бөлүмүн жабууга аргасыз болгонун билдирген.
Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Илхом Закиров эгер фонд катталбаган болсо, анын ишмердүүлүгүн республика каалабасын түшүндүрөөрүн бүгүн билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG