Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:55

Косоводо 8 америкалык полицай жарадар болду


ПРИШТИНА. Улуттар Уюмунун Косоводогу полиция күчтөрүнүн катарында кызмат өтөгөн иорданиялык менен ишемби күнү болгон аткылашууда америкалык сегиз полицай жарадар болду.
АКШнын аскерий өкүлүнүн бүгүн маалымдашынча, жарадар болгон полицайлар Косоводогу америкалык аскерий ооруканага жаткырылган. Ал эми оор жарадар болгон бир америкалык коңшулаш Македонияга операция жасоо үчүн жөнөтүлгөн.
Тергөөчүлөр иорданиялык полицайдын эмне үчүн америкалык кербенге ок ачканын иликтешүүдө. Иорданиялык өзү аткылашууда өлтүрүлгөн.
Америкалыктар да Улуттар Уюмунун миссиясынын курамында кызмат кылышчу.
Косово 1999-жылдан бери БУУнун башкаруусунда.

XS
SM
MD
LG